Бир жумага чейин Боом капчыгайында таштар атайылап кулатылат

© Фото / Бекжан СагынбаевБоом капчыгайы. Архив
Боом капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин Кайгуул милициясы тарабынан саат 9:00дөн 15-00гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында  17-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган убакыт аралыгында Ички иштер министрлигинин Кайгуул милициясы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

"Жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, Кайгуул милициясы тарабынан алар өткөрүлүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Буга чейин айрым айдоочулар Боом капчыгайында таш көчүп, жолду бууп калгандыктан ал жакта автотыгын болгонун айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0