Подозреваемый, который, по оперативным данным, устроил взрыв в петербургском метро (Фотография из аккаунта сети Вконтанте Акбаржона Джалилова 1995 года рождения).

Жалилов Петербургдагы терактыдан бир нече ай мурун Түркиядан депортацияланган

1182
(жаңыланган 17:24 11.04.2017)
Түркиялык гезиттин маалыматына ылайык, Акбаржон Жалилов Түркияга 2015-жылдын ноябрь айында барып, ал жакта 13 ай жүргөн.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы терактыга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов метродогу жардыруудан бир нече ай мурун Түркиядан депорт болгонун түркиялык Yeni Akit гезити өздүк булагына таянуу менен жазып чыкты. 

Ушундай эле билдирүүнү россиялык РБК агенттиги да өз булактарына шилтеме кылып жазган. 

Yeni Akit гезиттин маалыматында Акбаржон Жалилов Түркияга 2015-жылдын ноябрь айында барып 13 ай жүргөнү айтылат.

"Ал 2016-жылдын декабрь айында Анталья шаары аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет жасаган. Бирок анын өлкө ичинде жүрүүгө уруксат берилген документинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен, мыйзам боюнча ири өлчөмдө айып пул салынып же кара тизмеге киргизилип 5 жылга депортацияланышы шарт болчу. Жалилов кара тизмеге кирүүгө макул болуп чыгып кеткен. Анан ал Россияга кетүү үчүн РФтинТүркиядагы элчилигине кайрылган", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми РИА Новости агенттиги Россиянын Стамбулдагы башкы консулу түрк бийлигине расмий түрдө муну тактап берүү боюнча кайрылганын билдирет. 

Белгилей кетсек, 3-апрелде "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, 14 киши каза болуп, элүүдөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул фактынын негизинде Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Жардыруу жасады деп Россиянын 22 жаштагы тургуну шектелип, анын Кыргызстандын Ош облусунда төрөлгөнүн УКМК ырастаган.

1182
Белгилер:
теракт, Акбаржон Жалилов, Санкт-Петербург
Тема:
Санкт-Петербургдагы метродогу жардыруу (36)
Тема боюнча
Петербургдагы жардыруу: терактыга шектелип 8 адам кармалды
Петербургда теракт жасоого шектелген Жалиловдун сөөгүн жакындары тааныды
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

20
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

20
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

35
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

35
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди