Репрессиянын 80 жылдыгына карата Бишкекте жөө жүрүш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПеший марш людей с ОВЗ в Воронцовке
Пеший марш людей с ОВЗ в Воронцовке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө жүрүш Таш-Дөбө айылынан башталып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин уланат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 1937-жылкы репрессиянын 80 жылдыгына карата борбор калаада жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара Аламүдүн районунда 18-апрелде саат 11:00дө башталат.

"Жөө жүрүш Таш-Дөбө айылынан башталып "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин уланат. Анын аралыгы эки чакырымды түзмөкчү ", — деп жазылат маалыматта.

1990-жылы Бишкек шаарынан алыс эмес жерде репрессиядан өлтүрүлгөн 137 адамдын сөөгү табылып, дал ушул жерге кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси курулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0