Композитор Азат Дөөткулов кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание министерства здравоохранения Кыргызской Республики
Здание министерства здравоохранения Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Композитор көп жылдан бери кант диабети менен ооруп келген.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Композитор Азат Дөөткулов кант диабетинен улам Бишкек шаардык №1 оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын жакындары маалымдады.

Жубайы Сайра Момунбаеванын айтымында, учурда Дөөткулов өз алдынча дем алып калды.

Маалыматка ылайык, композитор көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап жүрчү.

Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спактакль жана кинолорго музыка жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0