Бишкектеги автобустар кайсы жерде келе жатканын онлайн түрдө көрүүгө болот

© пресс-служба мэрии города БишкекНовые китайские автобусы в Бишкеке
Новые китайские автобусы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургундары менен коноктору автобустун багытын жана кайсы жерге келгинен атайын тиркеменин жардамы менен билип турса болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Телефондор үчүн "Inobi — Транспорт Бишкека" аттуу атайын тиркеме иштелип чыкты. Эми калаа тургундары автобустар менен троллейбустардын багытын онлайн түрдө көрө алышат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкийдин айтымында тиркеме мэрия менен жеке фирманын биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашып, эки жума мурун иштей баштаган.

"Бул фирма буга чейин коомдук транспортко Wi-Fi орноткон, азыр GPS-системасын койду. Эми биз транспортторду көзөмөлдөй алабыз, ал эми шаардыктар чөнтөк телефону аркылуу автобус менен троллейбустар кайда келгенин, кайда жүргөнүн көрө алышат", — деди Милицкий.

Вице-мэр өз сөзүндө бул долбоорду ишке ашырууга бир жылдай убакыт керектелип, ага мэрия "бир тыйын да короткон эмес". Учурда муниципалитеттин карамагындагы коомдук транспорттордун 90 пайызына жаңы система орнотулду. Келечекте GPS-системасын микроавтобустарга да орнотуу каралган.

Тиркеменин бет ачары жакын арада болорун Милицкий кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0