Президенттердин келиши менен үч күн бою жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маанилүү иш-чаралардан улам Бишкектин борбордук жана бир катар көчөлөрү жабылат.

БИШКЕК, 12 апр — Sputnik. 13-апрелден 15-апрелге чейин борбор калаанын борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү ЕАЭБдин Жогорку Евразиялык экономикалык жыйыны жана ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Бул күндөрү Жибек Жолу, Чүй, Чыңгыз Айтматов, Манас, Жаш Гвардия проспектилеринде жана Фучик, Абдрахманов жана Байтик баатыр көчөлөрүндө маал-маалы менен жол кыймылына чектөө киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0