ШИИБ: Ош шаарында өз өмүрүнө кол салган жаштар көбөйүүдө

© flickr.com / Fraser MummeryАркан. Архив
Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жыл башынан бери беш адам өз өмүрүн кыйса, 41 адам жан кыюуга аракет жасаган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ош шаарынын аймагында өз өмүрүнө кол салган жарандардын саны өсүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери калаада беш жаран өз өмүрүн кыйган.

"Акыркы үч күндө үч кыз өмүрүнө кол салып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жыл башынан бери беш адам суицидден көз жумса, 41 жаран дары-дармек жана уулуу заттарды ичип өлүүгө аракет жасаган. Мындай кадамга баргандардын көпчүлүгү өткөөл курактагы кыздар. Аларды дарыгерлер сактап калганы менен айрымдары майып болуп калууда", — деди Сыдыков.

Анын айтымында, акыркы үч күндө ууланган үч кыздын экөө дары ичип алса, бирөө укусус жутуп алган. Учурда алар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0