БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Элестетсеңиз да, паспортту унитазга түшүрүп алдыңыз, ал суу менен андан ары кетти. Ыплас суулар менен кошулуп, сиздин тим эле тыпыйып түшкөн сүрөтүңүз түтүк аркылуу саякаттайт. ID-карта кычык-кучуктарга туруп да калбайт экен.
Айтмакчы, канализациянын түтүгүнө түшүү өтө кооптуу. Катуу агымдан сырткары анда метан толтура, андыктан оңдоп-түзөө иштерин жасаган бригадалар ага жалгыз-жарымдап түшпөйт.
Ошентип, ыплас масса сууну тазалаган заводду көздөй агылат. Бишкек жантайыңкы жерде жайгашкандыктан, шаардын өйдө жагына келе турган мындай суулар дароо эле төмөн жакка, Пригородное айылын көздөй шашылат.
Анын курамында эмнелер гана жок, ат чабым алыстан сасыган суу кайрадан жыттан арылып, тазаланат. Балким, сиздин паспорт дал ошол жерден темир торлордун слесары Владимир Поповдун колуна түшүшү мүмкүн.
Биринчиден завод чоң: анын 48 гектарлык аянтына 67 футбол талаасын курса болот. Экинчиден, бир нече чакан имараттан жана чоң-кичине бассейндерге окшош ири курулуштан турат. Үчүнчүдөн, ал жактын өзгөчө "жыпар" жыты бар.
Алгач суунун бардыгы кабылдоочу камерага келип түшөт. Чынында ал камера деле эмес, ал бир кабаттуу имарат. Анда металлдан жасалган тордон ыплас суулар токтобой куюлуп турат.
Ири таштандынын бардыгы — чач, желим, картошканын кабыгы конвейерге келип түшөт. Заводдун кызматкери Владимир Попов конвейерге акчадан башканын бардыгы агып келээрин билдирди.
"Мен 20 жылдан бери иштеп жүрүп бир-эки жолу гана майда акчаларды көрдүм. Бирок алар айрылып жараксыз болуп калган. Негизи таштандыны үңүлүп деле карабайм", — деди кызматкер.
Анда иштегендердин айтымында, 1990-жылдары суу менен кошо кишинин сөөгү агып келген учурлар көп болгон. Бишкектеги уюшкан топтор бири-бирин ачык люктарга ыргыта беришкен. Учурда кырсык болуп гана кетпесе, мындай көрүнүштөр сейрек кездешет.
Мындан тышкары, жай айларында суудан тоодой болгон жашылча-жемиштердин кабыгын алып чыгууга болот. Себеби үй кожойкелери салат жасап жатып, таштандыларды унитазга таштоону туура көрүшөт.
"Бишкексууканал" ишканасынын Өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, ыплас суу бардык нерсеге өзүнүн терс таасирин тийгизет. Сууда химиялык жана биологиялык заттар болгону аз келгенсип, ал жакта кум менен таштар да бар.
Мындай караганда бул чоң бассейнде бардыгы кайнап жаткандай көрүнөт. Ал жактагы суунун температурасы такай 20 градус жылуу болот жана иш бир мүнөткө да токтоп калбайт.
"Бул заводдо жарык өчүп калуу деген болбойт. Бизге жарык берген станциялардын биринде авария болсо, дароо экинчи станция электр энергиясы менен камсыздайт. Анткени бизде иш токтоп калды деп башкалар күтүп турбайт да", — деди Сейдалиев.
Суу кум-таштан тазалангандан кийин атайын суу кармоочу сегиз чоң бассейндерге куюлат. Анын диаметри 40, тереңдиги 4,5 метрди түзөт.
"Бул жерде агынды суулар эки сааттан т-рт саатка чейин тундурулат. Химиялык таштандылардын жарымы түбүнө тунса, жарымы суунун үстүнө калкып чыгат. Анан сууну атайын насос менен сордуруп алабыз", — деп "Шаар канализация" ишканасынын жетекчиси Кемелбек Алтымышев түшүндүрүп берди.
Бассейндин айланасында калдайган канаттуулар учуп жүрөт. Алар заводду асмандап тартып жүргөн квадрокоптерибиз менен сүзүшүп кетпесе экен деп чыйпылыктап жерде турдук. Кудай жалгап андай болгон жок.
Адамдар чыгарган таштандыларды башка тирүү "жандыктар" жеп жок кылат. Суунун түбүндөгү ылайларда миллиарддаган микроорганизмдер бар. Ал канализация менен келген эң жагымсыз нерселерди кубанып эле жеп коёт.
"Окумуштуулар ыплас нерселерди жеген микробдор бар экенин да изилдеп чыгышкан. Жаратылышта мындай алар саздарда көп кездешет. Дал ошолор үчүн биз сууну кычкылтек менен байытабыз", — деди Мурадин Сейдалиев.
Сууну ылайдан бөлүп алуу үчүн ал башка бассейнге куюлуп тундурулат. Аларда дээрлик жыт болбойт. Төрт сааттан кийин суу толук тунат жана мындай сууну сугат иштерине колдонсо болот.
Бул сууну Чу дарыясына кошконго чейин суу хлор менен дагы бир ирет тазаланат. Газ абада бат тарай тургандыктан мындай суу өмүргө коркунуч жаратпайт. Балыктар мындай сууда ууланбайт.
"Таза суу тартыш болгон мамлекеттерде, мисалы, Эмираттарда суулар бир нече тазалоодон өтүп, кайра эле үйлөргө берилет", — деди Сейдалиев.
Сутка сайын заводдон 220 миң кубметр ыплас суу тазаланат. Ии баса, заводдун аймагы кайсы бир пансионаттын эс ала турчу аянтын эске салат. Бардыгы таза жана жапжашыл. Заводдун аймагында нарцисс менен жоогазын гүлү аябай жакшы өсөт экен.
"Бишкек суу каналы" өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, заводдун кубаты Бишкектей болгон дагы бир шаарды тейлегенге жетет.
Учурда канализациялык системада 243 адам эмгектенет. Ишканага бюджеттен каражат бөлүнбөйт.
"Ушул тапта бир тонна сууну талазоого эки сом 70 тыйын кеткенине карабай, тариф бир сом 20 тыйын гана турат. Бирок ага да карабай сиситема ишин токтоткон жок", — деди Сейдалиев.
Былтыр завод өзүнүн 40 жылдыгын белгилеген. Азыр жумушчулар жабдууларды оңдоого, алмаштырууга, кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө кажарат жетишпегенин айтат. Баса, кызматкерлердин айлык акысы 15 миң сомдун тегерегинде.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.Милиция 12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолукканын эске салган. Анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.