Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Мэрия быйыл Бишкектеги 100 көчө менен алты көпүрөнү оңдойт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРемонт дорог в Омске
Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пландалган иштерди аткаруу үчүн атайын техника сатып алынды. Андан сырткары, асфальт менен бетон даярдаган эки завод иштеп жатат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкек мэриясы 100 көчө менен алты көпүрөнү оңдойт. Бул тууралуу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жумакадыр Алымбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында билдирди.

Планга киргизилген көчөлөрдүн 51 көчөсү шаардык казынанын эсебинен оңдолот, ал үчүн 649 миллион сом каралган. Ал эми 49 көчө менен алты көпүрө кытай грантынын эсебинен оңдолот.

"Пландалган иштерди аткаруу үчүн атайын техника сатып алынды. Учурда асфальт менен бетон даярдаган эки завод иштеп жатат. Кытай грантынын долбоордук документациясын бүтүрүү создуктурулгандыктан курулуш иштери быйыл жазында башталды. Ишти аткаруучу компания бардык даярдык иштерин көрдү", — деди Алымбаев.

Азыр 2017-2018-жылдарга пландалган оңдоо иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0