Наргиза НТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеевдин келинчеги. Жубайынын үй шартында төрөлгөн ымыркайдын киндигин кесип, эки өмүрдү сактап калган жакшы ишин жолдошу жашыра албай Facebook баракчасына жарыялап, аялы менен сыймыктанарын айткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева диктор менен баарлашып, анын киндик эне болушу жана үй-бүлөсү тууралуу маек курду.
— Наргиза, бул окуяга кандайча туш болуп калдыңыз? Же буга чейин төрөт кабыл алып көрдүңүз беле?
— Корккон жоксузбу?
— Жок, корккон деле жокмун. Оюма дароо ымыркайды сактап калуу келди, экинчиден өзүм боюмда барда төрөткө даярданып интернеттен видеолорду көргөм.
— Сиздер баргыча бала эч нерсе болбоптурбу?
— Жок, мен киндигин кесип, энесинин үстүнө жаткырып коерум менен Тез жардам келип калды.
— Алар эмне дешти?
— Баланын абалы жакшы экенин айтып энеси экөөнү ооруканага алып кетишти. Ал эми менин жасаганымды баалап, баарын туура кылыптырсыңар, ымыркайды өзүңөр эле багып албайсыңарбы деп тамашага салышты. Тиги кыз өзү жаш экен, анан биринчи төрөтү болсо, айына жетпей төрөлсө дагы бактылуу ымыракай экен (күлүп).
— Колуңузду майлап бериштиби?
— Байке-жеңелери абдан ыраазы болуп, ошол эле күнү кечинде үйүнө чакырып, ыраазычылыгын билдирип, белек-бечкектерин беришти.
— Өзүңүздүн канча балаңыз бар?
— Үч баланын энесимин. Эки кызым, бир уулум бар.
— Биз билгенден жолдошуңуздун жумушу өтө оор жана кооптуу. "ТВ Кайгуулдун" алып баруучусунун жубайы болуу андан да оор болсо керек? Анткени аны коркуткандар көп да…
— Сиз дагы өзүңүздү милиционердин аялындай элестетип кетесизби?
— Ооба (күлүп), тартип сакчыларынын жубайларын эми түшүнүп жатам. Аял киши баары бир сарсанаа боло берет экен.
— Жолдошуңуз үй жумуштарына жардам береби?
— Азият балдарга абдан жакын, баласаак. Көп убактысы жумушта, күндүз келип уктап, кечкисин жумушка кетет. Бирок убактысы табылса эле аларды балдары менен өткөргөнгө аракет кылат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
“Бүгүн эртең менен академик Сабыр Жумабеков ырчыга шашылыш түрдө операция жасады. Анын жабыркаган омурткалары калыбына келтирилди. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Наркоздон акырындык менен ойгонуп, эсине келип жатат”, — дешти маалымат кызматтан.
Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркаганы айтылган.