Менин жашагым келет! Ажалдын оозунан кайткан бөбөктөрдүн окуясы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар онкологиясынын бейтабы. Архив
Балдар онкологиясынын бейтабы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төмөндө сөз боло турган балдар сары ооз балапан кезинен эле оору, өлүм деген эмне экенин жакшы түшүнүп калышкан. Анткени өздөрү да ажал оозунан кайтып келгендер.

Бул балдар кичине кездеринде жаңы оюнчук же жаңы чыккан мультфильм эмес, жөн гана курбуларындай болуп басып-туруп аман калууну кыялданышкан.

Алина Мамбеталиева, ак кан

2010-жылы оор абалда ооруканага түштүм. Баса албайм, буту-колум меники эместей. Көпчүлүк химия алууну жан чыдагыс оору деп айтышат, бирок мен кан алмаштырганда аябай кыйналчумун. Денем ушунчалык ооруксунчу, азыр канча кан куюлганын билбейм, бирок өтө эле көп экени эсимде калыптыр.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлина Мамбеталиева: эки жылдан кийин менин илдетимди акыры "жок кылышты". Дарылануудан кийин кайрадан мектепке бара баштадым. Аябай кыйналдым, окуудан да бир топ артта калган элем, чачым да жок. Бирок ушунчалык жашагым келди дейсиз…
Семнадцатилетняя бишкекчанка Адина Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Алина Мамбеталиева: эки жылдан кийин менин илдетимди акыры "жок кылышты". Дарылануудан кийин кайрадан мектепке бара баштадым. Аябай кыйналдым, окуудан да бир топ артта калган элем, чачым да жок. Бирок ушунчалык жашагым келди дейсиз…

Мен анда 10 жашта болчумун. Оорумдун айынан Нарындан Бишкекке көчүп келдик. Мектепке бара албай калдым. Ушул мезгил мен үчүн аябай оор болду. Мен эмнегедир ооруканада балдар эле жатып дарыланат деп ойлоптурмун. Анан бизди караган медайым мен да ушундай абалга туш болорумду түшүндүрүп берди. Чачым түшүп калганда аябай ыйладым, көчөдө мени колу менен көрсөтүп, оолак болууга аракет кылгандарды байкачумун.

Ооруканадан мен коңшу палатада жаткан Даниэл деген бала менен достошуп кеттим. Аныкы да рак болчу, бирок шишик түрүндөгү дарт эле. Онкологияга менден бир нече жыл мурун келиптир. Бир аздан кийин анын абалы жакшыра баштады. Менин ага көз артканымды, анан сүйүнгөнүмдү айтпаңыз.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө жыл сайын 230 миң бала онкологиялык ооруга чалдыгып, 100 миңи каза болот
Даниэл кечкисин эшикке чыгып сейилдеп калды. Мага келип, жашоосу кандай өзгөргөнүн айтып, менин да жакшы болорумду айтып кетээр эле. Бирок жарым жылдан кийин досумдун оорусу кайра козголуп, ооруканага жатууга аргасыз болду. Баягы күлүп-жайнап жүргөн бала жок, куурап калыптыр. Бир ай бою химия алды, андан кийин дарыгерлер аны үйүнө чыгарып коюшту. Жакындарынын жанынан узасын деп… 12 жашта болчу… Ушу кезге чейин анын көздөрүн унута албайм.

Эки жылдан кийин менин илдетимди акыры "жок кылышты". Дарылануудан кийин кайрадан мектепке бара баштадым. Аябай кыйналдым, окуудан да бир топ артта калган элем, чачым да жок. Бирок ушунчалык жашагым келди дейсиз…

Азыр меникиндей дартка кабылып айыккан курбум экөөбүз университеттин лингвистика бөлүмүнө тапшырып окуп жатабыз. Кытай тилин, маданиятын үйрөнгүм келет.

Азыр 17 жаштамын. Тирүүчүлүктүн өзү кандай бакыт!

Кирилл Купрей, боордун рагы

Оорумду көптө барып аныкташты. Дарыгерлер жалпы саламаттыгымды чыңдоочу ар кандай чөптөрдү жазып беришчү. Анан бир күнү башка бир доктур УЗИге жөнөткөндөн кийин боорумда шишик бар экени аныкталды. "Жалдагы" ооруканага жөнөтүштү. Ал аз келгенсип, пневмония менен да ооруп калдым, мындан улам операция жасоого мүмкүнчүлүк жок эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековКирилл Купрей: кыйын кырдаалга кабылган адамдарга бир гана айтарым бар: эч качан, угуп атасыздарбы, эч качан демиңерди суутпагыла, жашоо үчүн күрөшкүлө, бардык мүмкүнчүлүктү пайдалангыла!
Семнадцатилетний бишкекчанин Кирилл Купрей - Sputnik Кыргызстан
Кирилл Купрей: кыйын кырдаалга кабылган адамдарга бир гана айтарым бар: эч качан, угуп атасыздарбы, эч качан демиңерди суутпагыла, жашоо үчүн күрөшкүлө, бардык мүмкүнчүлүктү пайдалангыла!

Мен анда 10 жашта болчумун. Химия — рак менен бирге калганынын баарын кошо өлтүргөн капельница экен. Чачым, кашым, кирпигимен бери түшүп калды. Бирок эң кыйыны бул да эмес экен, андан оору он саат бою керебетте кыймылдабай жатып, тамырларыңдын күйүп жатканын сезүү болду.

Шишик башкы тамырга аз калганда дарыгерлер операция жасалбаса өлүп каларымды айтышты…

Ал учурда көп нерсени түшүнбөптүрмүн, 10 жаштагы бала эмнени билмек эле? Мен болгону дарыланыш керек экенин билип жаттым. Көчөдө ээн-эркин басып, балдар менен ойногум келчү…

Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет
Операциядан кийин бир жума кыймылдабай жаттым. Тамактын даамы жок, айла жок эле ичесиң. Анан кайрадан басканды, кашык кармаганды үйрөнө баштадым. Кайрадан жашаганды үйрөнө баштадым…

Мындан кийин да ооруканада бир жыл жаттым. Үйгө чыккандан кийин да ай сайын келип текшерүүдөн өтүп турчумун. Бир күнү эле дарыгер мындан ары келбей турганымды айтты. Оору чегиниптир.

Кыйын кырдаалга кабылган адамдарга бир гана айтарым бар: эч качан, угуп атасыздарбы, эч качан демиңерди суутпагыла, жашоо үчүн күрөшкүлө, бардык мүмкүнчүлүктү пайдалангыла!

Мен 15 жаштамын, жакында карындаштуу болдум. Узак жана бактылуу болуп жашагым келет.

Улан Муратов, Наристенин атасы

Кызым эки айынан баштап ооруканалап калды. Ушул мезгилдин аралыгында чоң киши чыдабай турган азапты көрдү. Саат сайын коюлган капельница, эс-учун жоготуу, операция, анан кайра эле түгөнбөгөн капельница. Бизге боор алмаштыруу керек эле, дарыгерлер бул жалгыз гана жол экенин айтышты.

© Фото / предоставлено Уланом МуратовымУлан Муратов: кызым эки айынан баштап ооруканалап калды. Ушул мезгилдин аралыгында чоң киши чыдабай турган азапты көрдү. Саат сайын коюлган капельница, эс-учун жоготуу, операция, анан кайра эле түгөнбөгөн капельница
Маленькая Наристе с родителями - Sputnik Кыргызстан
Улан Муратов: кызым эки айынан баштап ооруканалап калды. Ушул мезгилдин аралыгында чоң киши чыдабай турган азапты көрдү. Саат сайын коюлган капельница, эс-учун жоготуу, операция, анан кайра эле түгөнбөгөн капельница

Жубайым экөөбүз 50 миң доллар биз үчүн өтө чоң сумма экенин түшүнүп жаттык, бирок Наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн болгон аракетибизди көрдүк. Кызымдын эсебине акча которгондордун баарына ыраазычылык айтам. Сиздер болбосоңуздар, азыр кандай күн болорун элестете да албайм…

В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...
Индиядагы клиникага келгенден кийин оорусунан улам келинчегим донор боло албай турганы аныкталды. Дарыгерлер Наристеден айрыларыбызды түз эле айтышты. Бутуна жыгылып, эптеп эле кызымды жанын алып калышын суранып жаттым…

Наристе экөөбүздүн каныбыздын тобу ар башка, мен донор боло алмак эмесмин. Бирок доктурлар тобокелчиликке барып, менин тобумдагы канды куюп көрмөй болушту. Көрсө бала бир жашка чыккыча дары менен кандын тобун өзгөртүп койсо болот экен. Бул биз үчүн жападан жалгыз үмүт болчу… Кудай жалгап, баары туура келди да, операция ийгиликтүү өттү.

Азыр Беловодское айылында батирде турабыз. Акча табуу үчүн кандай гана жумуш болбосун, баш тартпайм. Бир айда эки жолу Бишкекке барып, анализ тапшырып турабыз. Бир процедурасы эле жети миң сом турат. Азыркы маяна менен бир топ эле оор.

Кызым жашап жатат, кичинеден басып, күлүп калды. Наристемди бактылуу күндөр күтүп турганына ишенем. Башым менен жер казсам да мен бул үчүн бардыгын жасайм. Азыр Наристе Индияда, кезектеги текшерүүдөн өтүп жүрөт.

P.S. Эки каарманыбыз Алина менен Кирилл ооруканадагы эртең менен анализдерди жыйнап кетчү мээримдүү кызматкер тууралуу айтып беришти. Аты эстеринде жок экен, бирок анын жылуу мамилесин эстеп, ыраазычылык айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0