Нуржигит Кадырбековдун айылга каты. Нанга жетпей томсоргон күндөр, үнү каткан Батма эже

© Фото / Айбек Султан уулуРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү айылга каттын автору акын, жазуучу, коомдук ишмер, "Ыйман" фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков. Ал кереметтүү Кара-Кулжаны, андагы асылдары – жакындарын, боордош болуп калган айылдаштарын эстеди.
Нуржигит Кадырбековдун айылга каты. Нанга жетпей томсоргон күндөр, үнү каткан Батма эже

Томсоруп нанга жетпей калган учурларды көз алдыбызга тартып, азыркы токчулуктун баасын айтып берди. Анан да стол кучактаган атактуу айымдардан балким, мээнети менен балдарын чоңойтуп, тарбиялаган аялдардын даражасы бийиктир деген сонун пикирин жазыптыр.

Нандын кадыры

Певица Каныкей Эралиева - Sputnik Кыргызстан
Каныкей Эралиеванын айылга каты. Ата-эненин жоктолгон тамы, обон чакырган сагыныч
Карааныңдан кагылайын, айылым. Койнуңда энтелеп басып, эркелеп чоңойгон жылдары кадырыңды билбегеним үчүн кечир. Атыр абаң, керемет табигатың, берекелүү жериң, жан дүйнөсү булактай таза адамдарың, окуган алтын уям — мектебим, асылзат агай-эжекелерим мындай турсун, жазда айдап, оодарып, эгин сепчү топурагыңдын керемет жытын сагынып жүрөм… Буркан-шаркан түшө аккан Кара-Кулжа дайрасынын тээ алыстарга чейин угулчу шоокумун сагынып жүрөм. Замандын шарданы, шамалы ар тарапка: ары жагы АКШ, бул жагы Москва, бери жагы өлкөнүн булуң-бурчтарына чейин таратып жиберген айылдаш досторумду сагынып жүрөм…

Баягы баары тартыш замандагы нандын даамын сагынам. СССР ураган жылдары элдин турмушу огеле оор болуп кеткен. Акчанын кунары учуп, салмагы самандай жеңилдеп, наркы азайган эле. Андан да жаманы – ун, нан тартыш боло баштаган. Айылдагы дүкөнгө райборбордон болгону бир ирет нан алып келишээр эле. Жеткен жетти, жетпеген калды, нандын даамын татуу үмүтүндө кийинки күндү күтүүдөн башка айла жок. Кезерип кечке кезекте туруп, а бирок нанга жетпей кур кол кайткан күндөрүм болгон. Өзүм үчүн эмес, нан алып келет деп үйдө мени үмүт менен күткөн жакындарымды ойлоп ыйлагым келчү. Ал заман да өттү, бирок, ал замандын берген сабагы, таасири түбөлүк кала берди. Нандын кадырын түшүндүргөн тагдырыма ыраазымын. Азыркы күндөр менен салыштырып, Жаратканга чексиз шүгүрлөрдү айтам. Токчулук – жакшы жашоого себеп болсо, жокчулук — көбүнесе, жакшы адам болууга себеп… 

© Фото / из семейного архива Нуржигита КадырбековаНуржигит Кадырбеков ата-энеси жана бир туугандары менен
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Нуржигит Кадырбеков ата-энеси жана бир туугандары менен

Түтүн жана радио

Манас атанын кырк чоросун элестетип айылыбызды тегерете курчаган бийик-жапыз тоолорду, кыр-дөбөлөрдү эстеп кусамын. Азыркыдай жаз күндөрү Кудайдын куттуу күнү уй айдаганы, кой кайтарганы, байчечекей тергени же тек гана балдар менен ойногону ошол тоолорго чыкчубуз. Бийиктен айылды карап отуруу өзүнчө керемет эле. Баары алаканга салгандай көрүнүп, адамдар тиричилиги бүтпөгөн кумурскаларды элестетчү. Жазда дээрлик баары короолорун тазалап, акыр-чикирлерди өрттөйт эмеспи. Ар ар жерден чыгып, жайылып жаткан түтүндөр белестен укмуш кооз көрүнөт эле. Ошол жытты сагындым. Көрсө, алар бейпилдиктин түтүнү экен. Кудай замбиректин, мылтыктын жана бомбанын түтүнүнөн сактасын…

Кыргыз-Түрк Манас университетинин журналистика кафедрасынын башчысы, журналист Бакыт Орунбеков - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Орунбеков айылга кат жазды. Чийилген пластинка, эсти оодарган эки тыйын...
Тоодон айылдын тээ ылдый жагындагы зым тор менен тосулган өзгөчө короо көрүнүп турчу. Ал короо – маркумдардын шаары – көрүстөн. Биздин айылдын гана чек арасындай туюлган ал жай, азыр ойлосом чын жана жалган дүйнөлөрдүн да тогошкон, чектешкен жери экен. Бала курагымда тарбиялаган чоң атам менен чоң энем азыр ошол короонун ичинде. Атакем да алардын катарынан орун алган. Ошол асылдарымды сагынам. Кээде эстеп алып ыйлайм. Кайрандарым, силердин батаңарга арзыйын, ишеничиңерди актайын деп алп урушуп, айылыма байма-бай барууга чолоом тийбей жүрөт. Жер бетинде жайнаган ошондой короолордун бирине биротоло кирүү ар бир жандын башында бар. Башкысы артыңда өчпөс өрнөктүү из, тарбиялуу насил, жакшы ат жана жагымдуу сөз калтырып, ыйман, тазарган жүрөк, пайдалуу амал менен Жаратканды кубандырган абалда кирүү бактысы насип болсун.

Айылым, сенин кучагыңда чексиз бактылуу болгом. Ошол бактыма Жараткан эсепсиз жакшылыктарын себеп кылыптыр. Алардын бири — кошунабыз Батма эже эле. Анын тынбай сүйлөгөнү кудум эле радиону элестетип, жашоонун барын да, шаңын да эске салып турчу. Ондон ашык баланы төрөп, чоңойтсо да, чарчаганды билбей, тили деле, колу деле тынбаган эпкинине эми таң берип жатам. Эмнеге үлгүлүү аялдар десе эле эчен жыл стол кучактап, тигил же бул кызматта иштеген атактуу айымдарды атап киребиз. Аларчалык атак күтпөсө да эч кимге ысык-суугун тийгизбей адал тамак менен ошончо баланы чоңойтуп, карапайым жашоосуна топук кылып бактылуу жашап өткөн Батма эжедей аялдардын даражасы, балким, алардан да бийик чыгар. Эми барсам радио токтогон, булбулдун үнү каткан. Бир кезде жашоого шаң берчү эженин үнү жымжырттыкка сиңип кеткендей… Ошол эпкинди, үндү кадимкидей жоктойм. Баса, азыр Батма эже да баягы айыл четиндеги короодо… 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Стол кучактаган атактуу айымдардан балким, мээнеттенип балдарын чоңойтуп, тарбиялаган аялдардын даражасы бийиктир", - деп жазыптыр Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
"Стол кучактаган атактуу айымдардан балким, мээнеттенип балдарын чоңойтуп, тарбиялаган аялдардын даражасы бийиктир", - деп жазыптыр Нуржигит Кадырбеков

Кечир мени, кичи мекеним

Тору атымды сагынам. Тогуз же он жашымда катуу чаап бара жатсам, мөңкүдүбү же мүдүрүлгөнбү, айтор, мени жыгып кеткен….Көзүмдү ачсам үйдө жатам. Дарыгер мага үңүлө карап бирдемелерди айтып жатты. Калгандары капалуу да санаалуу анын оозун тиктешет. Апам ыйлап алган. Ошондо аман калганыма шүгүр. Азыркы менин тилегим — бир кезде мен үчүн кайгырып ыйлаган апам, мындан ары биздин себебибизден ар дайым кубанып, сыймыктанып, жадырап жүрө берсе экен. Апамдын күлкүсү – жашоомдун берекеси, куту. Апамдын жылмаюусу – айылым, кудум эле сенин ажарыңдай сулуу.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчи Ибрагим Жунусов кат жазып, айылдаштары менен мектебинен кечирим сурады
Баса, кийин деле далай жолу зымырата чаптым кайран аргымагымды. Арадан он эки жыл өткөн соң чоң атамдын кара ашына союлду. Тору ат менен кошо балалыгым менен коштоштум. Балалыгым менен кошо айылым, сени менен коштоштум. Айылым, сагынган сайын чолоо тапсам сага барып турам, а бирок, балалыгым кайдадыр кайып болду, изин билдирбей кетти. Эми табылбасы чындык.

Айылым, сага мактанып айтчу ыймандай сырым бар: мени жыкса да тору атымды эч жек көрбөдүм. Андан бетер сүйүп, андан бетер асырадым… Бул менимче, кечиримдүүлүк. Кечиримдүүлүктүн берекеси менен чырмалган түйүндөр чечилип, чыңалган абалдар калыбына келип, бейпил жана бактылуу жашоо уланып келет. Тору аргымак мени жыккандай зыяным тийбесе да, кызматыңды татыктуу өтөй албай, кадырыңа жете албай келатканым үчүн Сен да мени кечир, кутман айылым!

Жаңылыктар түрмөгү
0