Дастанчы Өмүрзак Кайыповдун архивдик сүрөтү

Кайыпов: айтыш жолго түштү, Манас ЮНЕСКОго кирди, дастанчылык четте ыйлап турат

1685
(жаңыланган 13:56 17.04.2017)
Ырдаса катуу, кеп баштаса жай сүйлөгөн дастанчы Өмүрзак Кайыповдун журналист Гүлдана Талантбековага маек куруп берген жайы бар.

46 жаштагы өнөр ээси кыргыздын эзелки өнөрүн өксүтпөй, улуттун улугу дастанчылыкты улантуучулардын катарында. Учурда "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенет, мындан тышкары, "Дастанчы" коомдук фондусун түптөгөндөрдү бири.

— Бизге дастанчылык өнөрдү кантип аркалап калганыңыз кызык болууда…

— Кичинемден улуу адамдардын кебин кулакка салып дилгир болуп чоңойдум. Башталгыч класстан тарта комузду колго алып, күүлөрдү, ырларды үйрөнүп, терме-санаттарды, адабий чыгармаларды көп окудум.

Мен мектепти бүтүп эле райондук маданият үйүндө иштедим. Андан соң аскердик кызматка алып кетишти. Армияга чейин окуу жайга тапшырып көргөм. Бирок мектепте жакшы окуганым менен эмнегедир окууга өтпөй калдым. Аскерден келип азыркы улуттук консерваториянын улуттук музыка жана фольклор бөлүмүнө тапшырып, Замирбек Үсөнбаев, Самара Токтакунова, Улукмырза Полотов, Насыр Давлесов агайларыбыздан сабак алдым. 1993-жылы кыргыз драма театры уюшулуп, ал жакка ырчы катары курамга кошулдум. 

Сказитель и дастанчи Омурзак Кайыпов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: азыр акындык өнөр жакшы жолго түштү. Акындык өнөр үчүн сөздү чукугандай тез таап, аны андан ары өркүндөтүп кете берсең болот

— Эл алдына алгачкы жолу качан чыктыңыз?

— Союз убагында кароо-сынактар салмактуу болчу. Мугалимдер балдарды сабактан бошотуп алып даярдачу. Кичи мекеним Кетмен-Төбөдөгү Гагарин атынданы орто мектепте окугам. Эсимде, 6-классымда республикалык сынакка катышып, аны Жолдубай Кайыпов алып барган. Элет жеринде көгүлтүр экрандан көргөн инсанды жанынан жолуктуруу кол жеткистей туюлган. Менин да фамилиям Кайыпов эмеспи. Анан балдар "сенин агаңбы" дешкенинен, мен дагы "ооба" десем, "анан эмнеге учурашкан жоксуң" дейт, "учураштым, иниме деп мына мобу акчаны бербедиби" деп атам берген акчаны көрсөтүп койдум. Кайра Кетмен-Төбөгө барганда ал киши каза болуп калыптыр, сыналгыдан бизге сыйлык тапшырган видеону көрсөттү, бирок эмнегедир Жолдубай агайдын үнүн монтаждап Тамара Алсеитова сүйлөп койду.

— Дастанчы деген өзү ким? Дастанчы болуш үчүн өнөрдүн кайсыл тармагына көңүл коюш керек?

— Азыр акындык өнөр жакшы жолго түштү. Акындык өнөр үчүн сөздү чукугандай тез таап, аны андан ары өркүндөтүп кете берсең болот. Манасчы болуш үчүн деле ушул сапаттар керек, ал жакка комуздун да кереги жок. Бирок манасчыларда музыкалык жагы тийиштүү деңгээлде болбосо, сөзүнүн мааниси терең болгону менен тузу жетпей калган тамактай сезилет. Үнү, аткаруучулук, актердук чеберчилиги да жогору болсо жакшы болмок. Бирок ансыз да акын же манасчы боло алат.

Дастанчылык өнөрдү биздин замандагылар китептерден жаттап ырдап жатабыз. Дастанчылык өнөр үчүн адамдын төгөрөгү төп келиши керек. Калык, Токтогул, Алымкул аталарыбыз бир эле убакта манасчы, акын, дастанчы болгон. Мени азыр өкүндүргөнү — биздин доордо мындай төрт аягы жорго адамдар өтө аз. Мен маселен, азыркылардан Элмирбек Иманалиев инимди улуу муундун катарына кошор элем. Ал — акын, манасчы, дастанчы, обончу, ырчы, жазма жагынан да бардыгын камтып кеткен адам. Ушул сыяктуу инсандар келечекте көбөйсө деп тилейм. 

— Өзүңүз аткарган дастандардын кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын?

— Көпчүлүк "Олжобай менен Кишимжанды", Жеңижок агабыздын "Аккан суу" чыгармасын суранышат. Былтыр Сауд Аравиясы менен Кувейтке барып, суунун баасы көздөн учаарына ынандым. Өнөр адамдары суунун философиясын илгери эле түптөп кеткен. Жеңижок атабыз лирикалык багытта, жалпы аялзатынын сулуулугун даңазалап, "Көк сулуу" аттуу чыгармасы аркылуу айткан. Азыр "Айнура" же "Назгүл" деген ыр болсо ал ошолорго гана таандык болуп калып жатат.

Дастандан сырткары "Арстанбектин алп саптары" аттуу чыгарма жазып, тасма да тартканбыз. Сөзүнүн түпкү теги Арстанбек Буйлаш уулуна таандык. Чыгарманы мен иштеп чыксам, өнөрпоз иним Асылбек Насирдинов музыкалык жактан көркөмдөп берген. Ал эми ушуга тасма тартуу боюнча сценарийди ал кезде театрда чогуу иштеген Алтынбек Максутов кесиптешим жазып берди. Чыгарманы акча үчүн эмес, жан дүйнөң менен берилип иштесең, менимче, жыйынтыгы жакшы болсо керек. Бул иш менен бир жарым жыл убакыт алектендик. Коомчулукка сунуштаганбыз, ушул кезге чейин мага тетири пикирин айткан инсан боло элек. Мындан улам дагы да чыгармаларды жаратса болот турбайбы деген ойдо калдым. 

В Бишкеке на площади Ала-Тоо состоялось торжественное открытие III Всемирного фестиваля эпической культуры Эпосы народов мира.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте өткөн III "Дүйнө элдеринин эпостору" дүйнөлүк фестивалынын ачылышында ырдап жаткан кези

— Улуу акындардын дастандарынан сырткары, кийинки муундагы акындардын дастандарына көңүл буруп көрдүңүздөрбү?

— Жаңы дастандарга кайрылган учурум боло элек. Тескерисинче, мага терме, санаттарды көтөрүп алып дастан жаздым деп алып келишет. Дастан жазыш үчүн ичине бүтүндөй бир доорду камтыш керек. Бир адамдын жолу эмес, ал жерде улуу инсандын ата-теги, небере-чөбөрөсүнө чейин камтылган жагдай болушу шарт. Бир адамдын баатырлыгын алып келип эле дастан деп даңазалаган адамдар бар. Аларды ашыктык, арман ырлары деп койсо болот.

— Учурда акындык өнөр жакшы жолго түшүп калды деп айтып өттүк. Манасчылык боюнча дагы бир катар алгылыктуу иш-чаралар, долбоорлор уюшулуп келет. Ал эми азыр коомдо дастанчылыктын орду кандай деп ойлойсуз?

— Бул абдан көйгөйлүү суроо. Биз бир жыл мурун дастанчылардын "Дастанчы" коомдук фондун ачканбыз. Азыраак уул-кыздарды чогултуп, шартка ылайыктуу сабактарды өтүп, иштеп келе жатабыз. Анткени атайын имаратыбыз, тийиштүү шартыбыз жок. Бардык эле маселе каражатка барып такалат экен. Бирок материалдык маселеге карабай дастан сүйүүчүлөр өз каалоосу менен келип жатат. Биз кандай жер ылайыктуу болуп калса, ошол жерге чакырып, айына бир гана жолу өткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда дастанчылык өнөрдүн абалы өтө оор. Айтыш өтсө билет таппай, курч талаш-тартыш менен өтүп калды. "Манас" эпосу ЮНЕСКОГО катталды. Дастанчы ким десең кол менен көрсөтөөр эч ким жок. Болсо да алар толук кандуу дастанчылар эмес. Бул багытта өмүрүн арнаган уул-кыздар аз.

Биз түзгөн "Дастанчы" коомдук фондусунда манасчы Самат Көчөрбаев, мен жана өнөрпоз жигит Токтобек Асаналиев бар. Себеби ар тараптуу болуш үчүн вокалдык жагын Токтобек караса, акындык, манасчылык жагын Самат, нукура дастанчылыкты колго алып, ата-бабалардан калган чыгармаларды иштеп чыккан жагына мен жардам берем.

Быйыл, кудай буюрса, эл аралык фонддорго долбоор жазып кайрылып жатабыз. Максатыбыз — кыргыздын төрт-беш дастанынын аудио вариантын жаздырып коомчулукка тартуулоо. Азыр дастандар үзүндү гана формасында айтылат. Сизге бир кызыктуу учурду айта кетейин, "Дастанчы" коомдук фондун ачалы деп аракет кылып жүргөндө логотип да жасаганга туура келди. Сүрөтчүлөргө кайрылсак, алар биз кеткенден кийин интернетке маалымат алалы деп "дастан, дастанчы" деп суроо салса, Дастан Бекешов, Дастан Сарыгулов чыгып жатат дейт. Албетте, мен ал инсандарды сыйлайм. Бул күлкүлүү көрүнүш болушу мүмкүн, бирок биз дастанчылык өнөрдүн абалы үчүн ыйлашыбыз керек. Кайсыл бир убакта иш токтоп калса, ал убакыт-сааты келгенде өзүнүн абалына келет деп коет. Бул мыйзам ченемдүү гана көрүнүш деп туралы. 

Дастанчи Омурзак Кайыпов в юности. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Омурзака Кайыпова
Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: "Дастанчы" коомдук фондун ачалы деп аракет кылып жүргөндө логотип да жасаганга туура келди. Сүрөтчүлөргө кайрылсак, алар биз кеткенден кийин интернетке маалымат алалы деп "дастан, дастанчы" деп суроо салса, Дастан Бекешов, Дастан Сарыгулов чыгып жатат дейт

— Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз кандай болот?

— Жубайым медицина тармагында иштейт, ортодо бир кызды тарбиялап жатабыз. Учурда 5-класста окуйт. Өтө кеч үйлөндүм. Он үч бир туугандын эң кенжесимин. Аркамда шаштырган иним же карындашым болбосо жүрө бериптирмин да. Кудай берээрин унутпасын, баары алдыда. Келечекте көп балалуу болгум келет.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Пландар абдан көп. "Дастанчы" коомдук фонду боюнча бир канча иштер жүрөт. Улуттук филармониянын алдында Аалы Туткучев жетектеген "Эл ырчысы Эстебес" тобунда 2,5 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Бул топто бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Жаңы түзүлгөндө бир жыл даярдык иштери жүрсө, кийинки жылдары үч чоң мазмундуу концерт бергенге жетиштик. Учурда дагы да жаңы сңенарийдин үстүндө иштеп жатабыз. Андан сырткары, жеке чыгармачылыгым менен алектенем.

1685
Белгилер:
дастанчы, маданият, Өмүрзак Кайыпов
Тема боюнча
Айбек Касымов: келинчегим менен 7 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошком
Дүйнөлүк хиттерди сыбызгыга салган Элчибек: аспабым бир топ жыл сандыкта жатты
Ырчы Анара Шайымкулова: кайнагам Айбек Карымовдон кеңеш сурагандан тартынам
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

135
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

135
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу