Банк кыргызстандыктардын картасынан акча уурдалышы боюнча үн катты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи краж с банковских карт в КР
Случаи краж с банковских карт в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банк картадан акча уурдоонун алды алуу мүмкүн эместигин айтып, тобокелчилик дайым бар экенин белгиледи. Бирок мекеме кооптуулукту болушунча азайтууга аракет кылганын кошумчалады.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мындан бир нече күн мурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин даярдаган макаласында кыргызстандыктардын картасынан уурдалган кылмыштар тууралуу айтылган. 

Анда сөз болгон Demir Bank жергиликтүү кардарлардын эсебинен каражаттын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди.

"Эгер Кыргызстандагы кардардын эсебинен күнүмдүк чектен ашкан сумма алынса, оператор аны менен байланышып, акча алынганын тактайт. Аныктап алгандан кийин гана операция ишке ашат", — деди банктын маалымат кызматы.

Мында картадан акча уурдоонун алдын алуу мүмкүн эместиги айтылып, тобокелчилик дайым бар экени белгиленип, бирок мекеме кооптуулукту болушунча азайтууга аракет кылгандыгы айтылат.

VISA с 1 октября перестает гарантировать внутрироссийские операции - Sputnik Кыргызстан
Банктык Visa картасынан акча уурдаткандар. Жоопкерчилик албаган банк
"Биз 3D-Secure (картасы жок операция жүргүзүү үчүн колдонуучуларды авторизациялоонун корголгон протоколу — ред.) функциясын ишке киргиздик. Бул интернет аркылуу жүргүзүлүүчү төлөмдөр үчүн кошумча опция болуп саналат. Бүгүнкү күндө технологиянын арышы кенен, мындан улам шылуундар акча уурдоо үчүн кандай ыкманы колдонорун алдын ала айтуу да кыйын. Эгер каражаттын уурдалышына банк күнөөкөр болсо, жоопкерчиликти моюнга алып, чыгымдын ордун толтуруп берет", — деп айтылат пиар бөлүм тараткан маалыматта.

Адистер банкомат аркылуу жоголгон акчанын учугун табууга болорун белгилешти. Анда камералар орнотулуп, акча алган кишини аныктоого мүмкүн. Эгер кардар эсебинен акча алынганын билсе, дароо банкка кайрылышы керектиги айтылат.

Банктык карталарды колдонуучулар үчүн 7 кеңешти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0