WhatsApp мессенжерине жаңы функциялар кошулат

© flickr.com / Jan PersielWhatsApp мобилдик тиркемеси. Архив
WhatsApp мобилдик тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кызматтар азыр текшерүүдөн өтүп жатканы менен качан колдонууга берилери айтылган жок.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. WhatsApp мобилдик тиркемесинин жаратуучулары жакында колдонуучуларын жаңы функция менен кубандыра турганын британиялык The Independent басылмасы жазды.

Новые китайские автобусы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги автобустар кайсы жерде келе жатканын онлайн түрдө көрүүгө болот
Маалыматка караганда жаңы кызмат колдонуучунун WhatsApp мессенжерине мурда катталган номерин алмаштырган кезде башкаларга жаңы номери тууралуу маалымат берет. Башкача айтканда, кимдир-бирөө номерин алмаштырганы боюнча аны менен байланыштуу колдонуучулардын баары билдирүү алат.

Жаратуучулардын айтымында, башкалардын номери өзгөргөнү жөнүндө маалымат алгысы келбегендер бул кызматты өчүрүп койсо болот.

Ошондой эле жазылган текстти редакциялоо мүмкүнчүлүгү дагы пайда боло турганы айтылды. Мисалы, жазып бүткөн текстте сөздөрдүн алдын сызып же карартып койсо болот.

Бул кызматтар азыр текшерүүдөн өтүп жатканы менен качан колдонууга берилери айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0