Азият Жекшеев: мени коркуткан адамдар көп эле болот, бирок жакшы "кароолчум" бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖурналист, "ТВ Кайгуул" берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев маек учурунда
Журналист, ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичип алып жол эрежесин бузуп, милиция кызматкерлерине атырылган "кыйындарды" эл алдына алып чыккан НТС телеканалынын журналисти Азият Жекшеевдин "ТВ Кайгуул" берүүсү аз убакыттын ичинде коомчулукта резонанс жарата алды.

Жол эрежелерин бузуп, кылмышка барып, кырсыкка кабылгандарды чагылдырып, өмүрүн тобокелге салган журналист Азият Жекшеевди Sputnik Кыргызстан агенттиги студияга чакырып, маек курду.

— Азият мырза, "ТВ Кайгуул" долбоорун баштардын алдында берүүңүз эл оозуна алынып кетет деп ойлодуңуз беле?

— Берүүнүн элге көрсөтүлө баштаганына эки жылдан ашып калды. Андан бери эмне деген адамдарды, жүрөктүн үшүн алган окуяларды тартпадык. Алгач мынчалык резонанс жаратат деп ойлогон эмесмин. Чыгармачыл топтогулар ТВ Кайгуул" мынчалык кооптуу болорун билсек башында эле бет капчан чыкмакпыз деп тамашалап күлүп калабыз.

© Фото / Алишер АлиевЖурналист Азият Жекшеев үй-бүлөсү менен
Журналист, телеведущий Азият Жекшеев с супругой и детьми - Sputnik Кыргызстан
Журналист Азият Жекшеев үй-бүлөсү менен

— Эң алгачкы эфириңер эмне жөнүндө болду эле?

— Адегенде укук коргоо органдары тарткан оперативдүү тасманы бергенбиз. Экинчи берүүбүздөн баштап биз да милиция менен кошо рейдге чыга баштадык. Биринчи рейдде эле энеси төрөп арыкка таштап кеткен ымыркайды тартып, өзүбүз шок болуп, эмне жумуш менен алектенип баштаганыбызды ошондо түшүнгөнбүз.

— Жүрөктүн үшүн алган жол кырсыктарын, ар түрдүү окуяларды тартасыңар. Көнүп калгандырсыңар?

НТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Наргиза Бекназарова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Бекназарова: ажатканадагы баланын киндигин эч нерсени ойлонбой туруп кестим
— Баары бир көзүң жамандыкты көрбөсүн, кыйын эле. Ар түрдүү кырсыктарды көрөбүз. Башында андайларды көргөндө бир-эки жумалап эсибизден кетпей, ал тургай түшүбүзгө да кирчү. Кийинчерээк андайларга маани бербегенге аракет кылып калдым. Милиция кызматкери болуш деле оңой иш эмес экенин алар менен чогуу жүрүп билдик.

— Таптакыр эстен кетпеген учурлар да болсо керек…

— Азыр эсиме мындан бир жыл мурдан Шабдан баатыр көчөсүндө болгон жол кырсыгы түштү. Анда жүк ташуучу унаа жеңил автоунааны тебелеп кетип, эки машина тең ботаникалык бак жакка кулап кеткен. Жеңил унаадагы кыз кыпчылып калып, ӨКМдин куткаруучулары төрт сааттан кийин гана канжалаган тейде араң алып чыгышкан. Ошол эле машинанын арт жагында өлгөн кишилер да бар экенин алар дароо билишпептир… Ошол окуя көпкө чейин көңүлүмдөн кетпей жүрдү.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзият Жекшеев: ар түрдүү кырсыктарды көрөбүз. Башында андайларды көргөндө бир-эки жумалап эсибизден кетпей, ал тургай түшүбүзгө да кирчү. Кийинчерээк андайларга маани бербегенге аракет кылып калдым
Журналист, телеведущий Азият Жекшеев - Sputnik Кыргызстан
Азият Жекшеев: ар түрдүү кырсыктарды көрөбүз. Башында андайларды көргөндө бир-эки жумалап эсибизден кетпей, ал тургай түшүбүзгө да кирчү. Кийинчерээк андайларга маани бербегенге аракет кылып калдым

— МАИ кызматкерлерине түшүп калгандар же мыйзам бузгандардын баарын тартасыңар. Алардын ичинде эл көзүндө жүргөндөр да бар. Өз өмүрүңүз үчүн коркпойсузбу? Коркуткандар көп болсо керек?

— Болуп турат. Тартып жаткан сюжетибиздин ар бир экинчи каарманы коркутат. Бирок алар мас кезинде айтылган сөздөр. Ошол учурда өздөрү да шок болуп турганда опузалашат, анысы ишке деле ашпайт. Башында кооптончубуз, ал эми кийин мастык менен айтылган сөздөр экен деп маани бербей күлүп коебуз. Кээ бири жумалап, айлап-жылдап чалып өзүнүн окуясын эскертип "бир күнү болбосо бир күнү колго түшөсүң" дегендер бар. Бирок ал деле сөз боюнча эле калат. Коркуп кереги жок. Мени дайыма көзөмөлдөп, санааркап, улам-улам чалып, кайда жүргөнүмдү билип турган, президенттикинен дагы укмуш бир кароолчум бар (аялын карап күлүп койду).

— Көп коркпосоңуз артыңызда чоң күч бар го?

— Мен деле ушул сөздү көп угам "крышасы бар го" деп айткандар көп эле болот. Бул ишти аткарууда "крышанын" деле кереги жок. Журналистикага баргандан кийин тандап алган тармагыңдын майын чыгара иштеш керек да.

— Кызтекелер да кол салды деп угуп калдык эле…

— Бизге атайын чакыруу түшкөн. Барсак, кыздай болуп кийинген эркектер күзөтчүлөр менен мушташып жатыптыр. Аларды тарта баштаганбыз. Бирок алар бизге кол салган эмес, жөн гана камерабызды талкалашкан. Айрым ЖМК алар мага кол салды деп жазыптыр.

© Фото / Наргиза БекназароваАзият Жекшеев белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин уулу экенин көп убакытка чейин коомчулуктан жашырып жүргөн
Журналист, телеведущий Азият Жекшеев с отцом  - Sputnik Кыргызстан
Азият Жекшеев белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин уулу экенин көп убакытка чейин коомчулуктан жашырып жүргөн

— Негизи берүүңүздүн максаты эмне? Жашоодо ар кандай кырдаал болот да. Баарын эле эл алдына алып чыга берүүнүн өзү туурабы?

— Биздин берүүнүн негизги максаты — мыйзам бузган, ага баш ийбеген адамдардын мисалында башкаларга сабак иретинде көрсөтүү. Биз жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерлерине түшүп калгандардын бардыгын эле баса калып тартпайбыз. Эрежени эби жок бузуп жаткандар болсо билдирүү түшөт.

— Силерди "бир тараптуу чагылдырат, Кайгуул милициясы менен гана иштейт" деген сөздөрдү кулагым чалды эле…

Ала-Тоо 24 маалымат телеканалынын директору Жылдыз Жумабекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабекова: сабайбыз дегенине карабай Саруудагы митингге барып алгам
— Ооба, андай сөздөрдү биз деле угуп жүрөбүз. Бирок Кайгуул милициясы пара алып же өздөрү мыйзам бузуп жаткан жерлерин тартып алган берүүлөрүбүз деле бар. Андыктан мен берүүнү бир тараптуу деп айта албайм. Негизи милицияны деле жумушу жеңил эмес, муну биз алар менен иштешип жүрүп билдик. Кыргызстанда өзүн кыйын көрсөтүп, бир телефон чалуу менен ишти бүтүрүп кетем дегендер толтура.

— Сиз саясатчы Жыпар Жекшеевдин баласы экениңизди баары эле биле бербесе керек. Атаңыздын жумушуңузга көз карашы кандай?

— Белгилүү саясатчынын баласы экенимди жакшы эле эч кимге айтпай жашырып жүргөм. Сурагандарга жөн гана фамилиябыз окшош деп койчумун. Азыр элдин көбү билип калды окшойт, ошондуктан жашырбай деле калдым. Атам жумушумду колдойт, болгону өзүңө сак бол дейт. Ар бир берүүмдү калтырбай көрүп, бул жери мындай болуп калыптыр деп кеп-кеңештерин айтып турат. Менин эң биринчи сынчым атам десем жаңылышпайм. Тааныштары түшүп калса, эч качан чалып кийлигишпейт.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзият Жекшеев: жайында эс алып, анан башка долбоорго өтөм деп турам. "Кайгуул" муну менен токтоп калат депда айта албайм, башка алып баруучу келет же форматы өзгөрөт. Азыр алдын ала маалымат бере албайм
Журналист, телеведущий Азият Жекшеев - Sputnik Кыргызстан
Азият Жекшеев: жайында эс алып, анан башка долбоорго өтөм деп турам. "Кайгуул" муну менен токтоп калат депда айта албайм, башка алып баруучу келет же форматы өзгөрөт. Азыр алдын ала маалымат бере албайм

— Атаңызды ортого салган учурлар болду беле?

— Жок, андай учурлар кездеше элек, бирок баары бир билип калса атам аркылуу бүтүргүсү келгендер да болот деп атамдын ким экенин билгизгим келчү эмес. Бул жумушта тааныш-билиштин кереги жок. Айрымдары бизге чалса иш бүтүп калчудай сезе беришет. МАИ кызматкерлерине өзүмдүн таанышым түшүп калса да "эрежени буздуңбу, айып пулуңду төлө" деп айтам. Башында чала беришчү, азыр көнүштү, чалганда деле пайда жок деп көп киши салбай калышты.

— "ТВ Кайгуул" берүүңүз канчага чейин созулат? Форматы өзгөрүлөбү же ушул өңүттө эле кете бересизби?

— Чеги жок жумуш болбойт. Жолдо тартип бузгандар азайса да, азайбаса да, айтор, милицияга түшкөндөр ызы-чуу салбай кетип калып жатышат. Демек, кичине жыйынтык берди. Жайында эс алып, анан башка долбоорго өтөм деп турам. "Кайгуул" муну менен токтоп калат депда айта албайм, башка алып баруучу келет же форматы өзгөрөт. Азыр алдын ала маалымат бере албайм. Азыркы жасап жаткан материалдар майдалана баштады, буюрса, чоң иштерди алып чыгабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0