Атамбаев кыргыздын Сибирь менен байланышын далилдеген орус окумуштууларын сыйлады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө салым кошкон, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган археолог Юлий Худяков менен этнограф Виктор Бутанаевди кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө салым кошкон, III даражадагы Манас ордени менен сыйланган археолог Юлий Худяков менен этнограф Виктор Бутанаевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар Энесайдан тарта Монголиянын түндүк-батышы, Тянь-Шань, Фергана жана Памирге чейин ири аймакты байырлап келген деген божомол көптөн бери окумуштуулардын бүйүрүн кызытып келет.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө салым кошкон, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган археолог Юлий Худяков менен этнограф Виктор Бутанаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

"Кыргыздар Энесайдан жана Монголиянын түндүк-батыш бөлүгүнөн тарта Тянь-Шань, Фергана жана Памирге чейинки кеңири мейкиндикти байырлаган деген гипотеза көптөн бери эле илимий талаштарга негиз болуп келет. Ага ылайык, энесайлык жана тянь-шандык кыргыздар бир эл, ал эми Энесай (VII-VIII кылымдар) жана Кыргыз (IX-X кылымдар) каганаттары — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнчө мезгилдери. Муну далилдөөдө сиздердин эмгек да бар", — деп белгиледи Атамбаев.

2040-жылы Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгы белгиленерин эске алып, президент кыргыздардын орто кылымдагы тарыхы жөнүндө билимдерди жаңы илимий ачылыштар менен бекемдөөнүн маанисине токтолду.

Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
Юлий Худяков Түштүк Сибирдин жана Борбор Азиянын байыркы жана орто кылымдагы элдеринин аскер ишинин археологу жана тарыхчысы. Хакасиядагы, Красноярск крайындагы, Тува, Тоолуу Алтай, Монголия, Кытайдагы археологиялык экспедициялардын материалдары аркылуу бул мейкиндиктеги кыргыздардын материалдык маданиятынын окшоштугун көргөзгөн. Анын 1980-жылы чыккан "Энесайлык кыргыздардын VI–XII кылымдардагы курал-жарагы" монографиясы орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөө үчүн негизги эмгектерден болуп саналат.

Этнограф жана түрколог Виктор Бутанаев энесайлык кыргыздардын орто кылымдагы этносаясий уюшулушун изилдеген. Өз иштеринде энесайлык, алтайлык жана тянь-шандык кыргыздардын бирдиктүүлүгүн далилдейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0