Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту жабылды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Торугарт" өткөрүү пунктундагы чек ара кызматкери. Архив
Торугарт өткөрүү пунктундагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара өткөрүү пункту качан ачылары азырынча белгисиз, бул боюнча кошумча маалымат берилерин Чек ара кызматы баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту 18-апрелден тарта жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кытай тарап аталган жол тилкесин оңдоп-түзөө үчүн жаап жатканын маалымдаган. Андыктан аталган датадан тарта чек арадан жүк ташуучу жана башка транспорттордун өтүүсүнө чектөө киргизилет.

Чек ара өткөрүү пункту качан ачылары азырынча белгисиз, бул боюнча кошумча маалымат берилерин Чек ара кызматы баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0