Айтматов атындагы сыйлык үчүн жасалган төш белгинин мыкты эскизи тандалды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЧингиз Айтматов
Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка беш адам катышкан. Алардын ичинен сүрөтчү Алимжан Амантаевдин эмгеги тандалып алынып, жеңүүчү Мамагенттиктин 50 000 сомдук сертификаты менен сыйланган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн жасалган төш белгинин мыкты эскизи аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган төш белгинин мыкты эскизин аныктоо үчүн сынак жарыяланган. 

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСЧыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн жасалган төш белгинин мыкты эскизи
Эскиз нагрудного значка премии Чынгыза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн жасалган төш белгинин мыкты эскизи

"Ага беш адам катышты. Алардын ичинен сүрөтчү Алимжан Амантаевдин эмгеги тандалып, жеңүүчү Мамагенттиктин 50 000 сомдук сертификаты менен сыйланган", — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, төш белги латундан даярдалып, алтын менен жалатылган. Жогору жагында Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Калган бөлүктөрү төрт чарчы формада даярдалып, оймо, жалбырак менен көркөмдөлүп, көк түстөгү эмаль менен боелгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0