Салянова: Дача тургундарынын көйгөйүн чечүүнү көздөгөндөр камалууда, бул акмакчылык

Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, маселени күн тартибине киргизүү керек.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Дача айылындагы учак кырсыгынан жабыкагандардын маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Бул маселени "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 киши каза болгон.

"Үч айдан бери Дача айылындагы кырсыктан жапа чеккендерге компенсация төлөнбөй, чогулган акча бөлүнгөн жок. Ал эле эмес, жер маселеси да чечилбеген бойдон турат. Анан "маселени чечип бергиле" деп митингге чыккандарды камап жатат. Ушундай да акмакчылык болобу?" — деди депутат.

Салянова убакытты созбой, маселени бүгүн күн тартибине киргизүүнү сунаштады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жооп иретинде митингге чыккандар эмес, Дача айылынын тургундарын алдоого шектелгендер кармалганын айтып, учурда тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0