Колония башчысынын орун басары баңгизат катып бараткан жеринен кармалды

Жазылуу
Колго түшүрүлгөн кызматкере кийимине май салып баратканын айткан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. №27 колония жетекчисинин орун басары, капитан мекеменин аймагына баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Өткөрүү пунктунда турган кызматкер капитан бушлатына бир нерсе катып баратканын байкап калган. Буга байланыштуу кароолдун жетекчиси чакырылып текшерүүгө алынганда, андан желим баштыкка оролгон белгисиз зат табылган.

"Андан кийин иликтөө ыкчам тобу чакырылып, алынган зат бөтөнчө жыты бар кургатылган кара куурай экени билинген. Дайындалган химиялык экспертиза да анын нашаа экенин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп, кармалган капитан Свердлов райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилген. Учурда кылмыш ишин УКМКга өткөрүп берүү каралууда.

ЖАМК алардын атын булгаган кызматкерлерди аныктоо боюнча аракеттерди көрүп келет. 2016-жылы өздүк коопсуздук кызматы 76 ишти карап, 11 кызматкер ээлеген ордунан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0