Социалдык тармактын мекемелери 1-июнга чейин инвентаризацияланат

Жазылуу
Социалдык мекемелерге тиешелүү жер тилкелерине ар кандай курулуштарды алардын ижарага берилүүсү менен менчиктештирилишинин мыйзамдуулугу аныкталганга чейин токтотуу жагы айтылган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жыйынында "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө" токтомунун жеткире иштелип чыккан долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Токтомдо өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнуна чейин саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү мүлктөргө инвентаризация жүргүзүү каралган.

Турак үйдүн макети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты онлайн-режимде алууга жол ачылды
Ошондой эле социалдык мекемелерге тиешелүү жер тилкелерине ар кандай курулуштарды алардын ижарага берилүүсү менен менчиктештирилишинин мыйзамдуулугу аныкталганга чейин токтотуу жагы айтылган.

Мындан сырткары, жогорудагыдай объектилерди менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт мекемелерине реинвестиция кылуу, мыйзамсыз ижарага берүү, мыйзамсыз менчиктештирген жер тилкелери боюнча жаңы табылган фактылар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына жиберүү сыяктуу бир катар тапшырмалар каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0