"Торугарт" өткөрүү пункту ачылды

© Фото / пресс-служба ГПС КРЧек ара көзөмөл путкту. Архив
Чек ара көзөмөл путкту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу унаалар кадимки режимде өтө баштады.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту ачылгандыгы тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Эске салсак, аталган өткөрүү пункту 18-апрель күнү Кытай тараптын демилгеси менен жабылган. Кошуналар аталган жол тилкесин оңдоп-түзөө үчүн жаап жатканын маалымдаган. 

Кытай тарап өз аймагындагы жолду оңдоп бүтүп, кыргыз чек арачылары "Торугарт" көзөмөл пункту аркылуу унааларды өткөрө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0