Петербургдагы теракт: Азимовдун РФ жарандыгына кантип ээ болгону аныкталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПредполагаемый организатор теракта в метро Петербурга Аброр Азимов (справа) перед заседанием в Басманном суде Москвы.
Предполагаемый организатор теракта в метро Петербурга Аброр Азимов (справа) перед заседанием в Басманном суде Москвы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан кечти Акбаржон Жалиловду Аброр Азимов даярдаганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы айтып чыкты. Мындан улам ал 45 күнгө камакка алынган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган деп шектелип жаткан Аброр Азимов РФ жарандыгын атасы аркылуу алган. Анткени ал дагы Россиянын жараны болуп эсептелет. Бул тууралуу РИА Новости Оштогу генералдык консул Роман Свистинге таянып билдирди.

Задержание одного из организаторов теракта в метро Санкт-Петербурга А. Азимова - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы терактыга шектүү Азимов КР жарандыгынан 2013-жылы чыккан
Аброр Азимов Москванын Одинцово районунан 17-апрель күнү колго түшүрүлгөн. Федералдык кызматтын маалыматына караганда, так ушул адам жан кечти Акбаржон Жалиловду теракт жасоого даярдап келген.

Свистин белгилегендей, Азимов дагы Жалилов сыяктуу эле ата-энеси аркылуу паспорт алган. Россиянын мыйзамына ылайык, эгер ата-эненин бири Россиянын жараны болуп, туруктуу каттоосу бар болсо, анын уулу же кызы дагы РФ жарандыгын ала алат.

"Мында бир айырмачылык бар — Жалилов РФ жарандыгын алган учурда 18 жашка чыга элек болчу. Буга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгынан чыкты деген документ керектелген эмес. Ал эми Азимов Кыргызстандын жарандыгынан чыккан", — деди Свистин.

Генконсулдун айтымында, Азимовго РФ жарандыгын берүү алдында ал тууралуу бардык маалымат Кыргызстандан жана Москвадан дыкат текшерилген. Дипломат ал кезде Азимовго жарандыкты бербей коюуга негиз жок болгонун айтты.

Подозреваемый, который, по оперативным данным, устроил взрыв в петербургском метро (Фотография из аккаунта сети Вконтанте Акбаржона Джалилова 1995 года рождения). - Sputnik Кыргызстан
Жалилов Петербургдагы терактыдан бир нече ай мурун Түркиядан депортацияланган
Террорчулук менен айыпталгандарды РФ жарандыгынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорду төрт фракциясынын лидерлери даярдап Мамлекеттик Думанын кароосуна койду. Депутаттардын айтымында, аталган документ россиялыктардын коопсуздугун сактоого багытталып, РФ жарандыгын алган адамдарды террордук кылмыштарга баруусуна бөгөт коет.

Федерация Кеңеши мыйзам долбоорду колдой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургдун "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, андан 15 киши каза болуп, элүүдөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул фактынын негизинде Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0