Атамбаев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду

© Фото / Александр ФедоровУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сурөтү
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сурөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элдик жазуучусу 2008-жылы каза болгон. Ал келерки жылы 90 жашка толмок.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ажар" – 1916-жылга коюлган адабияттагы эстелик. Повесть туурасындагы жети факты
Жарлыкка ылайык, Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.

Өкмөт эки айдын ичинде уюштуруу комитетин түзүп, керектүү каржыны бөлүү менен иш-чаралардын планын даярдоо милдетин алды.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында төрөлүп, 2008-жылы дүйнө салган. Анын романдары 176дан ашык тилге которулуп, 128 мамлекетте 100 миллион нускада чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0