Репрессияланган кыргыз каймактарынын балдарына төрага фондусунан жардам убадаланды

© Фото / пресс-служба ЖК КРВстреча торага Жогорку Кенеша Чыныбая Турсунбекова с детьми репрессированных во время Советского Союза
Встреча торага Жогорку Кенеша Чыныбая Турсунбекова с детьми репрессированных во время Советского Союза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы улуттун атасына айланган инсандардын балдары алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча сунуштарын айтышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Репрессия курмандыктарынын балдарына Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусунан материалдык жардам берилди. Эми аталган фондудан жыл сайын эки ирет ушундай материалдык жардам берилип турарын ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков убада кылды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ата Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Каныбек Иманалиев: репрессиялангандардын балдарына өлкө жардам бериши керек
Бул маалымат Турсунбеков, депутат Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрү Жусуп Абдрахмановдун, Төрөкул Айтматовдун, Иманалы Айдарбековдун, Баялы Исакеевдин жана Төрөбай Кулатовдун балдары менен жолугушкан учурда айтылды.

Алар жалпы улуттун аталарына айланган инсандардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу багытындагы бир катар сунуштарын ортого салышты. Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын күндөлүгүн коомчулукка кеңири жайылтуу зарылчылыгын айтты. Ал эми Төрөкул Айтматовдун кызы, окумуштуу Роза Айтматова "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексин, андагы музейди жакшыртуу багытында иштерди улантуу керектигине эл өкүлдөрүнүн эсине салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0