Баткен: чек ара аймагындагы айылда миңден ашык киши сыя турган мечит курулду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГорода России. Грозный
Города России. Грозный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик эки өлкөнүн чектешкен аймагына салынган мечиттер чек арадагы жаңжалдардын алдын алууга да жардам берет деген ишенимде.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тажикстан менен чектеш Баткен районунун Кара-Бак айылында 1200 адамга ылайыкталган облустагы эң чоң мечит колдонууга берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаевдин пикиринде,эки өлкөнүн чектешкен аймагына салынган мечиттер чек арадагы жаңжалдардын алдын алууга да жардам берет.

"Кошуна Тажикстандын Исфара районунун аксакалдары Кара-Бак айылынын аксакалдары менен бат-бат жолугуп, мечитте жума намаздарын чогуу окуп элди тынчтыка үндөп турат", — деди ал.

Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы Абдикарим Каламбеков алардын айылы суицид, кылмыштуулук саяктуу терс көрүнүштөрдөн оолагыраак экенин айтты.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү учурда Кара-Бак айылында 10 миңге жакын эл жашай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0