Көчөдө бараткан окуучулар. Архив

Активисттер: балдарыбыз мектепке баратканда согушка жөнөткөндөй коркчу болдук

143
(жаңыланган 13:59 25.04.2017)
Былтыркы жылы 128 бала жол кырсыктан каза болгон.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектин тургундары борбор калаанын жолдорундагы абалга тынчсызданууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында активист Назира Бейшеналиева билдирди.

Гражданский активист Назира Бейшеналиева на пресс-конференции на тему Граждане требуют усилить безопасность на дорогах после ДТП со школьниками в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Активист Назира Бейшеналиева

Белгилей кетсек, өткөн апта соңунда Бишкекте окуучулар кабылган жол кырсыгы катталганын, анда балдарды эки тарапка чачырата сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткенин айтышкан. Акыры ал кармалып, эки жыл мурун дагы адамды сүзүп, өлтүрүп алганы маалым болгон. Мындан улам активисттер буга карата чара көрүү керектигин билдирип чыгышкан.

"Балдарыбыз мектепке баратканда согушка жөнөткөндөй болуп коркуп отурабыз. Биз тиешелүү ишкана өкүлдөрү менен сүйлөштүк. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жарым жыл убакыт кетет экен. Жол эрежеси катуу көзөмөлгө алынбагандыктан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат. Буга бийлик тез арада чара көрүшү керек", — деди Бейшеналиева.

Ошондой эле алар видеокөзөмөл орнотуп, Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн күчөтүп, айдоочулук күбөлүктү татыктууларга берүү жана жол кырсыктары үчүн чиновниктердин жоопкерчиликти күчөтүү керектигин белгилешет.

Активистер билдиргендей, өткөн жыл ичинде эле 128 бала жол кырсыктан каза болгон. Ошондой эле мындай кырсыктардан жабыркаган балдардын саны бир жыл ичинде 10 пайызга көбөйгөн! Жыл сайын 1000-1200 кыргызстандык жолдон ажал табууда.

Калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

143
Белгилер:
активист, жол кырсык, балдар
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Окуучуларды сүзүп кетти делген айдоочу эки айга камалды
Унаа коюп кеткен окуучулардын абалы оор бойдон калууда