Сабырбек Жумабековго Гиннес китебинин комиссиясынан жооп келди

© Фото / предоставлено Сабырбеком ЖумабековымIX международный конкурс изобретателей в Кувейте
IX международный конкурс изобретателей в Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабырбек Жумабеков буга чейин Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында (International Ivention Fair in Middle East) беш эмгегин көрсөтүп, экинчи орунду багындырган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси, ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабековго Гиннес китебинин комиссиясынан жооп келди.

Эске салсак, Сабырбек Жумабеков Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында (International Ivention Fair in Middle East) беш эмгегин көрсөтүп, экинчи орунду багындырган. Ошол жердеги калыстар топ адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүрүү боюнча эмгегин дүйнөлүк Гиннес китебине киргизүүнү сунуштаган. 

"Биз Гиннес китебине сунушубузду киргизсек алар "ишиңерди кабыл алдык, буга чейин эч ким сөөктү мынчалык узартып, операция жасаган эмес" деп жооп беришкен. Бирок сертификат алыш үчүн алар бир топ талаптарды коюшту. Мисалы алгач эле сөөгүн узартуу үчүн операция жасаткан Темирбек аттуу баланы ЖМКларга чыгарып, жайылтышыбыз керек экен. Ошондой эле Гиннес китебине менин эмгегим эмес, операция жасаткан баланын аты жазылат экен", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле Темирбектин эки бутун теңдеш үчүн сөөгүн 31 сантиметрге өстүргөнүн билдирип, күз айларында сөөгү толук катып өз алдынча басып каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0