Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы каза болду

Жазылуу
Кантөрө Токтомаматов быйыл 70 жашка толмок.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматов каза болду. Маалыматты премьер-министрдин жакындары тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, ал президент жана премьер-министрдин иш башкармалыгынын ооруканасында инсульттан улам көз жумган.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтомаматов быйыл 70 жашка толмок. Ал Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетин жетектечү.

Маркумдун сөөгү өзүнүн кичи мекени Кара-Кулжада жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0