Жакындарым менин өлүмүмдү күтүп жатышат! Наркологиялык ооруканадан репортаж

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги наркологиялык ооруканадагы бейтап.
Бишкектеги наркологиялык ооруканадагы бейтап. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги наркологиялык ооруканага кандай тагдырга туш болгон адамдар келип түшөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова билип көрдү.

Республикалык наркологиялык оорукана бейтаптарга толгон, андыктан ал жакка жайгашуу жеңил эмес. Бирок кечээ жакында бул жердеги бир бейтап көз жумуптур, демек бир киши алып келүүгө орун бар. Мекеменин директорунун орун басары Наталья Борисованын айтымында, каза тапкан адам ичимдикке көз каранды болуп келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык наркологиялык оорукананын директорунун орун басары Наталья Борисова: биздеги бейтаптардын көпчүлүгү үй-жайсыз. Мындайлардын кимге кереги бар болсун? Бул жакка республиканын чар тарабынан баңги зат менен ичимдикке берилгендерди алып келишет
Заместитель директора по лечебной работе Наталья Борисова - Sputnik Кыргызстан
Республикалык наркологиялык оорукананын директорунун орун басары Наталья Борисова: биздеги бейтаптардын көпчүлүгү үй-жайсыз. Мындайлардын кимге кереги бар болсун? Бул жакка республиканын чар тарабынан баңги зат менен ичимдикке берилгендерди алып келишет

— Бизге көбүнчө ичимдикке баш-оту менен берилип кеткен адамдарды алып келишет. Алардын жүрөгү, боору жана бөйрөктөрү алсыз болуп калат. Мындай жарандарды дарылап, адам катарына кошуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап келебиз.

— Башка ооруканалар буларды кабыл алабы?

— Анча көңүлдөнүшпөйт. Биздеги бейтаптардын көпчүлүгү үй-жайсыз. Мындайлардын кимге кереги бар болсун? Бул жакка республиканын чар тарабынан баңги зат менен ичимдикке берилгендерди алып келишет.

Оорукана жети күн, 24 саат бою иштеп, 180 адамга ылайыкталган. Буга чейин 125 орун болсо, бейтаптардын саны көбөйгөндөн кийин кошумча койкаларды орнотууга туура келген.

Терезе, эшиктерге темир торлор орнотулган. Дарыгердин айтымында, мунун бардыгы коопсуздук үчүн жасалган.

© Sputnik / Табылды КадырбековБейөкмөт уюмдардын маалыматына караганда, Кыргызстанда баңгизатына көз каранды адамдардын саны 100 миңге жетет
Деятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бейөкмөт уюмдардын маалыматына караганда, Кыргызстанда баңгизатына көз каранды адамдардын саны 100 миңге жетет

Эркектер бөлүмүндөгү имараттын бир нече кабатында баңги зат менен ичимдикке көз каранды адамдар дарыланып жатышат. Фотографты көргөн эркектердин баары өз палаталарына кирип кетип жатышты.

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
Алар жаткан палаталар кадимки ооруканалардын бөлмөлөрүнөн айырмасы жок. Ар биринде бештен адам жатат. Коридордо телевизордон кайсы бир шоуну көрүп жаткан бейтаптарды байкоого болот….

Бул борбордогулардын көбү стационардык дарылануудан өтүшөт. Баңгизатын колдонгондор дагы бар, бирок дарыгердин маалыматына караганда, алардын саны улам азаюуда. Себеби Кыргызстанда 2003-жылдан бери методондук терапия кргизилген. Көз каранды адам күн сайын препаратты алуу үчүн келип турат. Аталган терапия жарандын баңгиге болгон каалоосун басаңдатат. Учурда 1200гө жакын адам ушундай препараттарды колдонууда.

…Биз метадон таратылган пунктуга бардык. Кичинекей терезенин жанында өтө чоң эмес кезек бар экен. Бул адамдарды көчөдөн көрсөңүздөр, аларды эч качан наркоман деп ойлобойт элеңиздер. Алар күн сайын ушул жерге саат 13.00гө чейин келип турушат. Медициналык баңгизатты алып жаткан жакшынакай жигитке кайрылдым.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйбек 50 жылдан бери баңгизатын колдонуп келет. Азыр ал 60 жашта. Анын айтымында, туугандары өз өлүмү менен өлсө экен деп тиленип жатышат
Деятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айбек 50 жылдан бери баңгизатын колдонуп келет. Азыр ал 60 жашта. Анын айтымында, туугандары өз өлүмү менен өлсө экен деп тиленип жатышат

— Замир, интервью бере аласызбы?

— Жакшы калыңыз! Мен кеттим.

Жолуна түшүп кетип калды.

— Ал бул жерде эмне кылып жүрөт?

— Дарыланып жатат. Үйү жок. Оорукананын артындагы будкада жашайт. Мындай адамдар алгач нашаадан башташкан. Андан кийин героинге өтүшкөн же арзаныраак каражаттарды издешкен. Дагы жакшы биздин өлкөдө "химиялык" заттар көп эмес.

— Негизинен булар кандай заттарды колдонушат?

— Болжол менен 80 пайызы ийне сайынышат.

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Мындай жолдон Айбек дагы өткөн. Ал жаңы эле медициналык препараттын тиешелүү дозасын кабыл алган экен. Бейтап 60 жашта, баңги затын 10 жашынан бери колдонуп келет. Алгач нашаа, 17ге толгондо психотроптук оор каражаттарды колдоно баштаптыр.

"Менин туугандарым мени өзүнүн өлүмү менен өлсө экен деп тиленип жатышат. Чыдамы түгөнүп, өлтүрүп албасак экен деп коркушат. Бирок эч кимдин күнөөгө баткысы келбейт да. Ушул жашка кантип жеткенимди түшүнбөйм. Гепатит С дартына кабылгам, боорум дагы ооруйт", — деди Айбек.

Ал эми дарыгердин айтымында, бул жаран гепатиттен сырткары толгон-токой дарт менен жабыркайт.

"Уурулук жасап, эки жолу адам өлтүргөнүмө байланыштуу түрмөдө отургам. Бардыгы ушул баңги заттын айынан болду. Бир адамды дозага акча жетпей калганда бычактап салгам, экинчисин зонада отурганда өлтүргөм. Азыр баңги затын колдонбой калдым, бирок чеккенди токтото албай жатам", — деди дарылануучу.

Айбек бакубат жашаган туугандарынын арты менен жанын багып келет. Алар күн сайын 500 сомдон берип турат экен. Айбектин өзүнүн айтымында, туугандары аны менен өтө деле жакын эмес. Кызы дагы анын айынан өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаптыр…

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдар бөлүмү үч жыл мурда ачылган. Бул жакка бейтаптар күнүгө түшүп турат
Деятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аялдар бөлүмү үч жыл мурда ачылган. Бул жакка бейтаптар күнүгө түшүп турат

Дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси бизди №6 аялдар бөлүмүнө алып барды. Бул жай бейтаптардын саны кескин өсүп кеткендигине байланыштуу үч жыл мурун ачылган.

Палатада кары адамдар көп.

"Ичимдикке берилген аялдарды эркектерге салыштырмалуу дарылоо өтө оор. Акыркы беш жыл ичинде бул жакка түшкөндөрдүн саны 10 эсеге өстү. Көпчүлүк бейтаптардын жашы 40тан ашкан", — деди нарколог.

Дарыгер менен болгон маекти ыйламсырап кирип келген чоң эне бузуп койду.

— Бизге жардам бергиле. Келиним…

— Кириңиздер.

Кабылдоого катышууга мага уруксат беришти. Эне уулу экөө келини Айдананы дарылоого алып келишиптир. Аны карап туруп чырактай келин 100 грамм ичимдиксиз жашай албай турганын элестетүү кыйын.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдана 30 жашта. Бир нече жылдан бери ичимдикке берилип кеткен
Деятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айдана 30 жашта. Бир нече жылдан бери ичимдикке берилип кеткен

30 жаштагы келиндин эки баласы бар. Арактын айынан бир жыл мурун ишинен куулган. Айдананын ата-энеси дагы ичимдиктин айынан көп жыл мурун көз жумган экен. Бир ай мурда ушул эле себеп менен анын жалгыз бир тууганы дагы дүйнө салыптыр.

Кайненесинин айтымында, мас абалындагы Айдана өзүн кармай албай күчүн балдарынан чыгарып, аларды сабай берет.

Айдананын өзүнүн айтымында, ал ичимдикти оңой эле таштап кое алат. Бирок анын буга каалоосу дагы, маанайы дагы жок. Дарыгердин "ким менен ичесиң" деген суроосуна иш күндөрү өзү жалгыз, дем алыш күндөрү жолдошу менен ичерин айтты.

— Сиз өз каалооңуз менен дарыланууга даярсызбы?

— Ооба.

— Кол коюп берсеңиз…

Карылар үйүнүн тургуну - Sputnik Кыргызстан
Энемди көмгөнгө убактым жок! "Дөөлөттүү" карылыктын 3 түрү
Бул келин стандарттык дарылоо курсунан өтөт. Бирок дарыгерлер бул ыкма жетишсиз экенин айтышууда. Наркологиялык мекемеден кийин келин кадимки жашоосуна кайтып барат. Бирок анын жакшы болуп кетиши эркинин күчтүүлүгүнө байланыштуу болот.

Жалпысынан мамлекетте ичимдикке берилген 50 миң адам каттоого алынган. Дарылоо курсунун баасы бир нече факторлорго карата коюлат. Дарыгерлердин айтымында, аскерий аракеттерге катышкандар менен ВИЧке кабылгандар бекер дарыланышат. Ал эми пенсионерлер 330 сом, камсыздандырылгандар 1160сом, ишсиз жана камсыздандырылбагандар 2980 сом төлөшөт.

Кыргызстанда баңги затын колдонгон 10 миң адам катталган. Булар учетко туруп, дарыланып жаткандар. Ал эми жарандык активисттер баңгизатка көз каранды адамдар 10 эсе көп экенин айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0