Медрсеседеги тарбиялануучулар. Архив

Кыргызстанда мусулман балдар бакчасы көбөйдү. Бөбөктөр кандай тарбия алып жатат

933
(жаңыланган 14:27 02.05.2017)
Бегимай Бакашева
Маселе эки ача пикирди жаратты.

Акыркы кездерде интернетте мусулман балдар бакчаларынын жарнамалары көп кездеше баштады. Алардын башкалардан айырмасы — балдарга куран жана араб тили окутулат. Мындай бакчаларда бөбөктөргө кандай нукта тарбия берилет? Бул маселени Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева иликтеп көрдү.

Алгач интернеттен бир нече даректерди чогултуп алып, ар бирине телефон чалдым. Бирок эч кимиси интервью берүүгө макул болгон жок. Ошондуктан баласын бакчага киргизүүнү каалаган эненин образына кирүүгө туура келди.

Мен барган бакча сыртынан башкалардан эч нерсеси менен айрымаланбайт. Ал эми ичине киргенде узун көйнөк кийип, чачын көрсөтпөй жоолук салынган тарбиячы тосуп алды. Кире бериштеги балдар чечинүүчү шкафтарда "Умар, Амина, Абдулла…" сыяктуу аттар дароо көзгө урунат.

Өзүн Альфия деп тааныштырган тарбиячынын айтымында, бул бакчада куран жана араб тили сабактары ортоңку тайпадан (үч жаштан үйдө) тарта киргизилет.

"Бакчабызга балдар 1,5 жашынан тарта алынат. Кенже тайпага куран жана араб тили сабактары кирбейт. Биздин бала бакчанын дагы бир артыкчылыгы — тамагыбыз халал", — деди тарбиячы.

Ошондой эле бул жерде Орозо жана Курман айттан башка майрамдар майрамдалбай турганын, ал күндөр кадимкидей иш күн экенин кошумчалады.

Сөз болуп жаткан бала бакчаларда диний окуулар менен бирге сүрөт тартуу, математика, англис тили сыяктуу сабактар дагы окутулат. Акысы айына бир балага 6 миң сом.

Ал эми бакчанын лицензиясы тууралуу кызыкканымда, ал кадимки эле жеке балдар бакчасы экенин айтты.

"Бизге Билим берүү министрлигинен эч качан мусулман балдар бакчасы деген лицензия берилбейт. Светтик өлкөдө мындай болбойт экен. Бирок коомдо балдарын диний нукта тарбиялагысы келгендер абдан көп. Ошондуктан биз ушундай балдар бакчасын ачтык", — деди Альфия.

Чындап эле Кыргызстанда атайын мусулман балдар бакчасы деп эч кимге лицензия берилбегендигин Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Казыев да тастыктады.

"Министрлик бакчаларга мектепке чейинки билим берүү программасы боюнча билим берүү иштерин жүргүзүүгө лицензия берет. Ал үчүн бала бакчалар биздин министрлик тарабынан бекитилген окуу планы менен иштеши керек. Ошондой эле уставын дагы биз менен макулдашат. Качан гана иштөөгө даяр болгондо адистер барып, документте көрсөтүлгөн шарттары менен реалдуу шарттары туура келер-келбесин текшерет. Биз ошого жараша лицензия беребиз", — деди Казыев.

Ал эми светтик билим бере турган жеке бала бакча катары лицензия алып алгандан кийин ар кандай диний сабактарды берип жаткан мекемелер жоопко тартыларын айтты.

"Куран окутуу жана ушул сыяктуу динге байланыштуу нерселер окуу планда жок. Ошондуктан бул туура эмес. Бизге жакында эле диний билим берген бакчалар боюнча эки арыз түштү. Аларды биздин адистер барып текшерип келишти. Учурда алардын бүтүмүн күтүп жатабыз. Эгер чындап эле ал мекемелерде ушундай иштер болуп жаткан болсо, сөзсүз чара көрүлөт", — деди жетекчи.

Ведомствонун билдиргенине караганда бекитилген программадан тышкаркы материалдарды окуткан мекемелерге алгач эскертүү берилет. Анда да болбосо, административдик чара колдонулуп, андан соң гана сот аркылуу лицензиясынан ажыратылат.

Ал эми адвокат Владимир Плужник муну мыйзам бузуу деп эсептебейт. 

Руководитель правового центра Вигенс Владимир Плужник
© Фото / предоставлено Владимиром Плужником
Адвокат Владимир Плужник

"Конституцияда Кыргызстан светтик өлкө деп жазылып турат, демек дин эркиндиги бар. "Мусулмандык" деген сөздү кайсы бир мекеменин аталышында колдонууга тыюу салынган эмес", — деди адвокат.

Юридикалык жактан буларга тыюу салууга болбой турганын Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова дагы кошумчалады. 

Журналист, эксперт по международным отношениям Чолпон Орозобекова
© Фото / Нурай Женишбекова
Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова

"Ата-энелер диний багыттагы бала бакча экенин билип туруп өздөрү берип жатышат. Анын үстүнө ата-эне баласына диний багытта таалим-тарбия берүүгө укуктуу. Эч ким ага тыюу сала албайт. Бирок тынчсыздана турган жагдайлар бар. 5-6 жаштагы кенедей балага тамга таанытып, мектепке даярдагандын ордуна кандай диний багыттагы билим берилип жатат? Ошонун мазмунун ким текшерет? Учурда мисалы ар кандай диний жамааттар медреселерди ачып бүтүп, эми бала бакчага киришишти", — деди Орозобекова.

Анын айтымында, Булан институту ата-энелер менен пикир алышканда, алардын көбү "диний билим алса, балдарыбыз ыймандуу болот" деген оюн айтышкан.

"Бул жерде ата-энелерди күнөөлөй албайбыз. Себеби, учурда мектепте тарбия кризисинен улам рэкетчилик, мушташ көбөйдү. Балдарда мектепке болгон кызыгуу начар, билим сапаты төмөн. Ошондуктан ата-энелер балдарыбыз мектептен тарбия көрбөсө ушул жактан ыймандуу болуп чыгат деп ойлоп жатышат. Жеке пикиримде муфтият медреселерди текшерген сыяктуу эле диний бала бакчаларды кыдырып, наристелер диний багытта эмнелерди окутуп жатышат, бул бала бакчаларды кайсы диний жамаат каржылап жатканына кызыгышы керек деп ойлойм", — деди ал.

Редакция диний билим берип жаткан мекемелердин окуу программасы көзөмөлдөнүп жаткан-жатпаганын билүү максатында КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан жооп ала алган жок.

Ал эми президенттин алдындагы "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун пикиринде мындай бала бакчалардын ишмердүүлүгүн текшерип, жөнгө салуу үчүн диний билими бар, компетенттүү адистерден турган кеңеш түзүү зарылдыгы бар. 

Председатель фонда развития религиозной культуры Ыйман Нуржигит Кадырбеков во время интервью ИА Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков

"Коомдогу көп маселелер талапка жана сунушка жараша чечилет. Чындыгында, балдарыбыз илим-билимдүү болсун, динди үйрөнсүн деген катмар көбөйүп баратат. Ошол себептүү билмексен болуп, светтик мамлекетпиз деп жүрө бербей, компромисттик жолун табышыбыз керек. Дүйнөдө мындай практика бар. Ал үчүн атайын стандарттарды иштеп чыгып, ошого жараша лицензия беришибиз керек. Бизде бул иштер колунан келчү, светтик дагы, диний дагы билими бар жаштарыбыз жок эмес", — деди ал.

Кадырбеков өз сөзүн мусулман балдар бакчаларына тыюу салуу менен маселе чечилбей турганын, тескерисинче, бул кырдаалды диний билим берүүнү стандарттарга такап, сапатын көтөрүү менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар деген ой менен жыйынтыктады.

933
Белгилер:
лицензия, балдар бакчасы, дин
Тема боюнча
Тешебаева: түнкү нөөмөттүү бакчага балдар таңкы жетиге чейин калат