Баткенде эски суу түтүктөрү жаңыртылып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСуу алып жаткан кыздын архивдик сүрөтү
Суу алып жаткан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ай аралыгында жергиликтүү калк 1,2 чакырым узактыктагы суу түтүктөрүн алмаштырат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Баткенде колдонуудан чыгып калган суу түтүктөрү жаңыртылып жатат. Бул тууралуу Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Насирдин Орозов билдирди.

Анын айтымында, Баткен районунун төрт айылын таза суу менен камсыздаган суу түтүктөрү эскирип жараксыз болуп калган. Элеттиктердин көйгөйүн чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, оңдоо иштерин айылдыктар өздөрү аткарышууда.

"Учурда бир экскаватор, бир жүк ташуучу унаа пайдаланууда. Андан сырткары, 20га жакын адам казуу иштерин аткарып жатат. Буюрса бир ай ичинде түтүктөрдү алмаштырабыз. Бүтсө төрт айыл толугу менен таза суу менен камсыздалат", — деди Орозов.

Бир ай аралыгында жергиликтүү калк 1,2 чакырым узактыктагы суу түтүктөрүн алмаштырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0