Бишкек шаарынын баш айланткан 360 форматтагы укмуштуу он сүрөтү

© Sputnik / Акылбек БатырбековКечки Бишкекке асмандан көрүнүш. Архив
Кечки Бишкекке асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарынын түптөлгөнүнө 139 жыл толду. Анын урматына көпчүлүктүн эсинде калган жерлерди 360 форматында сүрөткө тарттык.

Бул аймакты Бишкектин эң жашыл аймагы деп да атап койсок болот. Анда канчалаган кишилердин биринчи сүйүүсү, күттүргөн жолугуулары өткөн. Айрымдары бульварды эски аты менен "Дзержинский" деп атап келишет.

Раззаков көчөсүндө негизинен мамлекеттик мекемелер, ири компаниялардын кеңселери жана элчиликтер жайгашкан. Бөкөнбаев көчөсүнөн башталган көчө Жибек Жолуна чейин созулуп жатат.

Күн сайын бул жерден жүз миңдеген киши машина менен жана жөө басып өтүшөт. Бул жерди көптөрү жолугушчу орун катары белгилеп да келишет. Сүрөт галереясы дагы шаардыктар менен конокторду өзүнө арбап турат.

Бул эр жүрөк аял тууралуу тасма тартылып, анын урматына эстелик да тургузулган. Уркуя Салиева өз мисалы менен Кыргызстанда аялдын да эркектей эле укугу бар экенин далилдеп, эркиндик үчүн күрөшүп, кедей-кембагалдардын кызыкчылыгын коргоп, ынтымакка, биримдикке чакырып келген. Уркуя 18 жашка чыкканда айылдык кеңештин төрагасы болгон. 24 жашка чыкканда жолдошу экөө басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Алай ханышасынын айкели 2004-жылы орнотулган. Бүгүн бул жай калаа коноктору менен туристтердин сүйүктүү жерине айланган.

Быйыл ЦУМдун жанындагы эс алуу аянтчасы жаңырды. Аттардын фигурасы орнотулуп, эс алуучулар үчүн селкинчектер, ал эми дүкөндүн маңдайындагы тротуарларга отургучтар орнотулган.

Бул жер илгертеден эле жаңыдан баш кошкон жубайлардын зыярат кылып, сүрөткө түшчү жайына айланган. Ал эми түнкүсүн үй-жайсыз калгандар келип жылынып кетишет.

Туристтер менен шаардыктардын эс алуучу жайы. Көп учурда көргөзмө, жарманке, ар кандай майрамдык салтанаттар өтүүчү жерге айланат.

Бишкектин дагы бир ажайып гүлзары. Сейилдеп, сүрөткө түшүп, скейт жана велосипед тепкендердин учугу үзүлбөйт.

Борбордук аянттын оңдоо иштери жакында эле бүттү. Жарыктандыруу системасы жаңырып, музейдин маңдай жагы оңдолду, брусчатка төшөлдү. Жакын арада күзөткө турган Улуттук гвардиянын жоокерлери кайрадан нөөмөткө тура баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0