БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзгөндүн Аюу-Сай йылына — беш киши бата турган 30 чатыр, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары КамАЗ унаасына ӨКМ тарабынан жүктөлүп жөнөтүлүүдө. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Издөө иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук өрткө каршы күрөшүү кызматынан 5 куткаруучу, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 64 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 жаран тартылып, издөө иштери уланууда", — деп билдирди маалымат кызматы.
Булардан сырткары Жалал-Абад облусунан 2-издөө куткаруу отрядынан 32 куткаруучу чыкты деп кошумчалашты ӨКМден.Эске сала кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 1 миллион кубометр болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды жашоочулары менен басып калган.
Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын окуңуздар>>
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.