Жер көчкү трагедиясына байланыштуу 30-апрель өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды

Жазылуу
Буга чейин Атамбаев аталган трагедиядан жабыркагандарга зарыл болгон жардамдарды берүү боюнча өкмөткө тапшырма берип жана элге кайрылуу жасаган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Аюу айылындагы адам өлүмүнө байланыштуу 30-апрель аза күнү деп жарыялоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Атамбаев аталган трагедиядан жабыркагандарга зарыл болгон жардамдарды берүү боюнча өкмөткө тапшырма берип, элге кайрылуу жасаган.

Бул күнү Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик мекемелерде жана өлкөнүн чет жактагы элчиликтери менен консулдуктарында желектер түшүрүлөт. Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 1 миллион кубометр болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды жашоочулары менен басып калган.

Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0