БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзгөндүн Аюу-Сай айылына барган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, эл менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы куткаруучулардын издөө иштерин, калкка медициналык жардам көрсөтүп жаткан кызматтын иштерин көрдү.
Ал кырсыктын кесепетин жоюу үчүн болгон күч жана ӨКМдин бардык мүмкүнчүлүктөрү жумшалаарын айтты.
"Өкмөт тарабынан бул табигый кырсыктын кесепетин жоюу үчүн бардык чаралар көрүлөт. Мамлекет болгон жардамын берет, бул жалпы трагедия экенин терең түшүнүп турабыз", — деди ал.
Премьер-министр жабырлангандарга жардам көрсөтүү жана кырсыктын кесепетин жоюу ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин көзөмөлү менен жүргүзүлөөрүн белгиледи.Эске салсак, 29-апрелде таңкы саат 06:40та болгон жер көчкү алдын ала маалыматтар боюнча жети үйдөгү 24 кишини басып калган. Учурда ӨКМ 40 үйдүн жашоочулары үчүн беш орундуу 30 чатырлар тигилип, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жеткирилди.
Бул трагедияга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелди аза күнү деп жарыялоо боюнча Жарлыкка кол койду.
Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.