БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Аюу-Сайга эки күн мурда айыл башчы менен кыдырып, ӨКМдин эскертүүлөрүн айтып кеткенбиз. Ал эми бүгүн таңда минтип жер көчкү бир эмес, эки ирет жүрүп басып калыптыр. Окуя туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Аюу-Сай айылы караган Заргер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Мокошов билдирди.
Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүндөгү Аюу-Сай айылында 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.
Айыл өкмөтү кырсык кантип болгонун жана жабыркагандар тууралуу төмөнкүчө баяндап берди.
"Жер таңга маал эки ирет көчүп, үйлөрдү басып калыптыр. Эки күн мурда эле айыл башчы экөөбүз кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертип кеткенбиз. Бүгүн бул жерде мындай окуя болуп кетти. Жети үйдүн жашоочуларынын ичинен бешөө ымыркай, алтоосу окуучу болуп жатат", — деди Мокошов.
Ал учурда ӨКМдин куткаруучулары казуу иштерин жүргүзүп, жакынкы айылдардын карылуу кишилери аларга жардам берип жатканын айтты.
Ал ӨКМ мониторинг жүргүзүп, баш-аягы 69 үйдө жарака кеткен деп билдирип, анын 19у коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кошумчалады.
Анын айтымында, кырсыкка кабылгандардын ичинен башка жактан жер чектелип берилип, ссуда алгандары да бар.
"Эл деген ушундай экен. Кооптуулук улам эскертилип айтылып турат. Кырсыкка кабылган үй-бүлөнүн ичинде башка жактан жер чектелип, ссуда алгандары бар. Менде "бүгүн чыгып кетебиз" деген түшүнүк каттары турат… Кооптуулукка карабай чыкпай отурган учурлар бар", — деди Мокошов.
Ал арада ӨКМ Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандардын болжолдуу тизмесин таратты. Анда "атасы, энеси, чоң атасы, небереси, уулу, келини" деген сөздөр коштолгон алты үй-бүлө мүчөлөрү тизмектелген.Президент эртең, 30-апрелди Аюу-Сайдагы кырсыкка байланыштуу Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыялады.
Ал эми мындан туптуура 34 күн мурда дал ушул Өзгөндүн Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү бир үй-бүлөнү — алты кишини басып калган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.