БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев КР президенти Алмазбек Атамбаевге Өзгөндөгү адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 24 кишини басып калган. Акыркы маалыматтар боюнча издеп куткаруу иштерине 400дөй киши жана атайын эки техника тартылган. Бүгүн кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Ал эртең саат таңкы 5:00дөр чамасында башталат.
Адистердин айтымында, Аюу айылына түшкөн жер көчкөнүн көлөмү 200 миң кубометр.
Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.