Россия президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү

Путин жер көчкү апаатынан улам кыргыз элине көңүл айтты

297
(жаңыланган 12:22 30.04.2017)
29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды менен басып калган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге Өзгөндөгү адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жазылды.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү таңкы саат 06:40та Өзгөн районундагы Аюу айылында көлөмү 200 миң куб метр болгон жер көчкү жүрүп, турак жайларды жашоочулары менен кошо басып калган. Алдын ала маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында 24 киши калган, арасында балдар дагы бар.

Путин Ош облусунда болгон каргашаны Россия терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын айтып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтарын кошумчалаган.

Кырсык болгон жайда учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

297
Белгилер:
аюу, көңүл айтуу, Жер көчкү, Владимир Путин, Алмазбек Атамбаев, Аюу айылы
Тема:
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды (42)
Тема боюнча
Өзгөн: көчкү жүргөн аймакта эпидемиологиялык топ иштеп жатат
Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты
Усенов: президент Өзгөндөгү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам кылууну тапшырды
Кары киши. Архивдик сүрөт

111 жашка чыккан аксакал узак жашоо сырлары менен бөлүштү

6
Крюгер өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Ошондой эле ал тамашаны жакшы көрөрүн жашырган эмес.

БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.

Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.

"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.

Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.

Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.

6
Белгилер:
аксакал, тамаша, тамактануу, Австралия, өмүр
Тема боюнча
Окумуштуулар дайыма жөө жүргөн адамдын өмүрү узак болорун далилдешти
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

211
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

211
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео