Коңшу. Архивдик сүрөт

"Калыс-Ордо" конушу кантип күн кечирет?

1098
(жаңыланган 10:30 03.05.2017)
Sputnik Кыргызстан кабарчысы Асель Минбаева Бишкектин чет-жакасындагы жаңы конуш кантип күн көрүп жатканын жана саман менен жабылган жер үйлөрдүн арасында чыныгы жүрөк жылыткан иштер кантип жасалып жатканын билип кайтты.

Бишкектин четинде жайгашкан "Калыс-Ордо" жаңы конушундагы Жаштардын өнүктүрүү борборун негиздеген Бурма Черикбаева жергиликтүү элдин турмушун сырттан эмес, ичинен жана ийне-жибине чейин билет. Анын уюму аймактагы майыптарга, жаш балдарга жардам берүү менен алектенет.

— Бул конушка кандайча келип калдыңыз?

— 2003-жылы Нарын мамлекеттик университетинде окуп жүрүп, бир саясатчынын стипендиясын утуп алгам. Бишкекке акчага келсем, мага 3 миң сом беришти. Анда бул чоң акча болчу.

Ага "Калыс-Ордодон" жер сатып алгам. Ал кезде баары мыйзамдуу болгондуктан, эч нерседен корккон жокмун. Апам II топтун майыбы, ошон үчүн ушул жер колубузга тийген. Көпчүлүк эл деле ошол эле себеп менен жерге жеткен окшойт. Себеби "Калыс-Ордодо" мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер көп.

— Нарындан Бишкекке келип эле шаардык болуп кеттиңизби?

— Кайдан?! Нарында так борбордо жашачумун. Карыш бассаң, аялдама, оорукана, бейтапкана дегендей. "Калыс-Ордодо" керек болсо электр жарыгы "алымкан" болуп, бирде болсо, бирде жок. Суунун жоктугу өзүнчө бир көйгөй. Жайкысын кечинде эле чыгат. Аны айтасыз, анализ тапшырыш үчүн эле жакынкы бейтапканага кырк мүнөт жол жүрүш керек!

— Андай болсо "Калыс-Ордого" көчүп келиштин эмне кереги бар эле?

— Менин апам майып. Медициналык жардам үчүн Нарындан Бишкекке улам каттап туруш кыйынчылык жараткандыктан, жакыныраак көчүп келели дегенбиз.

— Жашоочулардын ортосунда айырма барбы?

— "Калыс-Ордонун" жашоочулары Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулгандар. Алгач жердешчилик деген күч болчу. Азыр аралашып эле калдык. Керек болсо өзүбүзгө гана таандык үрп-адаттарыбыз бар.

— Бул жерде эмне менен алектенесиз?

— Жергиликтүү жаштар борборунда англис тилинен курс алып барчумун. Ал кезде биздин борборубузда жылуулук да жок эле. Бактыга жараша, бизге Жаштарды өнүктүрүү институту кызыгып калды. Алар имаратыбызды жылуулап, абалыбызды түзүктөп алууга көмөк көрсөттү. Биз орус, араб, англис тилдерин окутуп, оригами жасаганды, дебатка катышканды үйрөтөбүз. Мектептер менен бала бакчаларда англис тилинде оюндарды койчубуз.

Биздин жаштарга орус тили аябай керек: шаарга канатташ жашаганыбызга карабай орус тилин билүү жагынан абдан аксайбыз. Балдар өздөштүргөнгө аябай ынтызар, бирок улуулар өзүлөрү билбегендиктен жардам бере алышпайт.

Бир мисал келтирейин, кошуна аялдын толгоосу башталып калды. Түнкү саат 12де эшигимди каккылап, "Тез жардам" чакырып, абалымды түшүндүрүп бер дейт, себеби өзү орусча билбейт экен. Бизде орусча лекцияларды түшүнө албай кыйналган студенттер да бар. Анан кантип жогорку билим алышат? Аларга орус тили англис тилине караганда бир топ маанилүү жана керектүү.

— Элге жардам берүүгө ыктыярчы-окуучулар кантип кызыгып калышты?

— Алгач алар жөн эле окушчу. Бир жолу мага майыптарга каралашчу бир кыз телефон чалып, жардам сурап калды. Балдарга айтсам, макул болуп, буюм-терим чогултуп беришти.

Анан таратууга келгенде балдарды жиберип жибердим. Менсиз эле барып, өз алдынча болуп, көрүп, билишсин дедим. Бул алгачкы кадам эле…

Муктаж болгондор балдарды каадалуу, чоң кишилердей кабыл алып, арыз-муңун айтып, көмүр, тамак-аш сурашыптыр. Эсимде, балдар көздөрүнө жаш алып кайтышкан. Ошол кезге чейин кийилбей калган кийимдерди жөн эле таштандыга ыргытып салса, эми аларды чогултчу болушту. Жардам сурагандар арасында картөшкөгө жетпегендер да бар экен. Муну көргөндө балдар, жумшагыраак айтканда, шок абалда калышкан. Бир кызын "биздин үйдө картошка көп, алып келип бере алам" деп чырылдаганы эсимде.

Көп учурда жардамды мен эмес, колунда барлар менен алдуу-күчтүүлөр гана бере алат деп ойлойсуң. А бирок эмнеге мен жардам кылсам болбойт экен?

Муктаж болгондор экинчи иш-чарага биз чогулткан кийимдерди кийип келишкенде, ыктыярчылардын жүздөрү жайнап кеткен.

— Курамыңырда кимдер бар?

— Он жети жаштан жогорку уландар менен кыздар. Арабызда төртүнчү класстын кызы да бар. Бардыгы болуп азыр он алты кишибиз.

Биз менен Алтынбек деген 22 жаштагы бала иштейт, өзү коляскада отурат. Биринчи көргөндө анын буту эле ооруйт деп ойлогом. Кайрымдуулукка чогулган буюмдарды ушундай шыпылдап сортточу дейсиз, биздин бир да иш-чарадан калчу эмес! Буту эле эмес, колу да оорукчан экенин биз кийин байкадык. Бирок Кудай бирден кем кылса, бирин берет дейт эмеспи. Биздин бир ыктыярчы "Алтынбектин үнү сонун" деп калды. Чынында эле ал жакшы радио алып баруучу болмок. Анан карасак, сценарий жазганды да билет экен.

— Ага кызыккан бирөө болдубу?

— 9-майда биз мейман катары бир радионун алып баруучусун чакырдык. Алтынбек анын келишине даярданып, атайын ыр да жаттаган. Сөздөрүн ушунча көп кайталай бергендиктен, тегеректеги балдардын баары кошо жаттап алышыптар.

Ал ырды баштаганда эле толкунданганынан биринчи эки сабын айтып, калганын унутуп калбаспы. Ошондо тегеректеп турган балдар калган саптарды акырын, шыбырап ага айтып берип жатышпадыбы!

Эми ошол биздин Алтынбек жөнүндө даректүү тасма тартканы жатышат.

— Карамагыңарда канча киши бар?

— Биз дайыма кол кабыш кылган беш киши бар. Алар негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Бири он жаштагы кыз. Аны "жөргөмүш кыз" деп коюшат, себеби тизелери тескери кайрылып калган, баса албайт. Анын үч жашар сиңдиси бар. Ал дагы ошол эле ооруга чалдыккандай. Эл бул эки кызды жакшы көрөт. Көпчүлүгү жардамыбыз дал ошол экөөнө жетсе дешет.

— Кандай пландарыңар бар?

— Биздин волонтерлор массаж кабинетин ачсак дешет. Майыптар үчүн укалоо процедуралары аябай зарыл. Албетте, алар үчүн акысыз, бирок бир топ жол жүрүш керек болуп жатпайбы. Конушта үч эле маршрутка жүрөт, дайыма эл тыгылыш. Ошон үчүн майыптар үчүн ары-бери жүрүш өтө кыйын. Кабинетке акча азырынча жок, болбосо ыктыярчылар укалоочулук кесипти үйрөнгөнгө даяр.

— Айылда силерге кандай мамиле кылышат?

— Бир жолу мага бир аябай активдүү волонтер кыз келип, өзүнүн атасы менен болгон кебин айтып берди. Атасы кызына: "Майыптарга жардам берип эмне кыласың? Курстарга бар, бирок кайрымдуулугуңду ташта" дептир. Кыз болсо ага: "мен кайдыгер карап жанынан өтүп кете албайм" десе, атасы: "карай албасаң, анда барып кишилерге жардам бер, кызым" дегенин айтып берген.

Бир жолу концерт уюштуруп, колунда жокторго азык-түлүк тараттык. Ошондо волонтерлордун ата-энелери да бар болчу. Бирөөнө кийинчерээк байкеси: "Мен сени жөн эле басып жүрөт дегем, сен болсо сонун иштерди жасап жаткан турбайсыңбы. Сени менен сыймыктанам!" дептир.

1098
Белгилер:
окуу, жаштар, жашоочулар, жаңы конуштар, Калыс-Ордо
Тема боюнча
Бишкектик пенсионер кантип мугалимдерди Москвага өз эсебинен алып барып калды
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

67
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

67
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео