Аймактарга эхинококкоз тууралуу китепчелер жөнөтүлдү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБездомные собаки на улицах Великого Новгорода
Бездомные собаки на улицах Великого Новгорода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардыгы болуп жети облуска жана Бишкек шаарына жалпысынан 115 миңден ашык китепче берилди.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнө иттен адамга жугуучу эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында китепчелердин жыйынтыктоочу партиясын жөнөткөндүгүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин сайтында жазылды.

Бардыгы болуп жети облуска жана Бишкек шаарына 115 миңден ашык китепче берилди.

"Китепчелер 2015-жылы чоңдор жана балдар үчүн, кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккан. Мурда чыгарылган китептер өткөн жыл ичиндеги үймө-үй кыдыруу, ар кандай чогулуштарда, акцияларда, мектептердеги класстык сааттардын учурунда таратылып берилген. Алардын саны балдар үчүн — 180 миң нуска, ал эми чоңдор үчүн — 400 миң нусканы түзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Жайлоодогу уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу, мал ылаңы азаюуда
Материалдар түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен жазылып, кооз сүрөттөр менен жасалгаланган. Ооруну жугузуп алуу жолдорун жана анын алдын алуу чараларын түшүнүктүү баяндайт.

Ошондой эле китепчелер Айыл чарба министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери тарабынан эхинококкоз менен күрөшүү боюнча стратегиялык планды ишке ашырууга салымын кошуп жаткан "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү —1" долбоорунун алкагында даярдалганганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0