ӨКМ кызматкерлери Аюу айылында

Өзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери кайрадан башталды

579
(жаңыланган 11:39 01.05.2017)
Кечээ түш ченде 12 жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери башталды.

Бүгүн издөө аракеттери 07.45те башталып ӨКМден Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 110, облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40, Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, ИИМдин 50 кызматкери, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50, Ош шаарынын аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 40 адам издөө иштерине катышууда. Жалпысынан 380 адам тартылган.

Өзгөн: артымды карасам үй жок, баарынан айрылдым! Күйүткө баткандардын ыйы
© Видео / Зульфия Тургунова, пресс-службы правительства и МЧС КР
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Көчкү алдында калган жети турак жайдын бирөөндө эч ким жашаган эмес.

Адистердин айтымында, көчкүнүн бийиктиги болжол менен 4,5-5 метрди түзөт.

Кечээ түш ченде 12 жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган

Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.

579
Белгилер:
Жер көчкү, издөө, Аюу айылы
Тема:
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды (42)
Тема боюнча
Ташланов: кечээтен бери 33 адам кайрылды, көбү — стресс алгандар
Путин жер көчкү апаатынан улам кыргыз элине көңүл айтты
ӨКМ: көчкү алдынан дагы бир кыздын сөөгү чыгарылды
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

188
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

188
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео
Дарыгер ымыркайды оорукананын төрөт бөлүмүндө текшерип жатат. Архив

ЖМК: Болгарияда бала COVID-19га туруштук берген артыкчылык менен төрөлдү

124
(жаңыланган 22:08 18.01.2021)
Кош бойлуу аял ооруканага коронавирус менен катуу жабыркап түшкөнү айтылган. Бала жарыкка келгенден кийин дарыгерлер таң калыштуу жагдайга туш болгон.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.

Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.

Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.

124
Белгилер:
коронавирус, антитело, ымыркай, Болгария
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы
ДССУ: пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт