Бишкекте эркектерди тоноого шектелген келин кармалды

Жазылуу
Белгилүү болгондой 26 жаштагы келин буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар менен колго түшүрүлгөн. Учурда ал №1 абакта кармалууда.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Борбор калаада эркектерди тоноду деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жабырлануучу милиция кызматкерлерине 20-март күнү түнкү саат 00:20лар чамасында калаадагы аялдамалардын биринен колундагы сумкасын белгисиз бирөө жулуп качып кеткенин айтып арызданган.

"Окуяга байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 26 жаштагы аял кармалган. Белгилүү болгондой ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар менен колго түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү делген аял №1 абакта кармалууда. Тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0