Microsoft компаниясында иштеген Акылбек: баалуу адис жыйынтык көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеген Акылбек Айдаралиев маек учурунда
Бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеген Акылбек Айдаралиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан чыккан жөнөкөй программист бала кантип дүйнөдөгү ири корпорациялардын бирине жумушка орношуп, алардын атынан бир нече мамлекеттин өкүлү болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Акылбек Айдаралиев бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеген. Бүгүнкү күндө ал маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ИКТ долбоорлор бөлүмүн жетектейт.

— Алгач эле элдин баарын кызыктырган суроону берейин. Microsoft компаниясында кандайча иштеп калдыңыз?

Париж шаарында жашап, Франциянын улуттук институтунда метрология жаатында эмгектенген мекендешибиз Алмазбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Физик Алмазбек Иманалиев: Францияда атомдордун кванттык касиетин изилдедим
— Мен бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеп жүрдүм. Бул жерде көбүнчө командалык жумуш талап кылынат. Ал эми команда ичинде өзүңдүн жумушуңду жакшы билип, берилип иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтсөң баалуу адис болосуң.

Аталган компанияга киргенге чейин мен мамлекеттик кызматтарда иштеп, кээде Microsoft компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп калчумун. Көрсө мен аларга жагып калыптырмын. Бош орун болоору менен мени чакырышкан. Ошентип компаниянын Кыргызстан менен Тажикстандагы өкүлү болуп үч жылдай иштеп калдым.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрограммист Акылбек Айдаралиев: мен бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеп жүрдүм. Бул жерде көбүнчө командалык жумуш талап кылынат. Ал эми команда ичинде өзүңдүн жумушуңду жакшы билип, берилип иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтсөң баалуу адис болосуң
Заведующий отделом проектов ИКТ в Госкомитете информационных технологий и связи Акылбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Программист Акылбек Айдаралиев: мен бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеп жүрдүм. Бул жерде көбүнчө командалык жумуш талап кылынат. Ал эми команда ичинде өзүңдүн жумушуңду жакшы билип, берилип иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтсөң баалуу адис болосуң

— Көпчүлүгү Кыргызстанда Microsoft компаниясынын расмий өкүлчүлүгү бар экенин биле бербесе керек. Өз өлкөңүздө кандай жетишкендиктерге жеттиңиз?

— Бизде Кытайдыкындай мүмкүнчүлүк жок болсо да жасаган иштерибиздин артында жылыш болду. Эки IT-академия ачтык. Алардын бири Ага-Хан университетинин базасында турса, экинчиси маалымат технологиясынын улуттук борбору.

Кыргызстанда Microsoft компаниясынын филиалы азыркыга чейин иштейт. Ар жылы компаниянын атынан конференция уюштуруп, ага мамлекеттик секторду жана ишкерлер чөйрөсүн чакырып турчубуз. Microsoft менен иштеше турган өнөктөштөрдү көбөйттүк. Алсак, мен бул жакка жаңы киргенде 10 компания менен өнөктөш болсок, азыр алардын саны 50гө жетти. Microsoft компаниясынын стандарттарын алып өзүбүздүн продукцияны иштеп көрүп, жыйынтыгында мамлекеттик ишканалар үчүн "Бирдиктүү терезе" долбоорун жасадык.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрограммист Акылбек Айдаралиев: Microsoft менен иштеше турган өнөктөштөрдү көбөйттүк. Алсак, мен бул жакка жаңы киргенде 10 компания менен өнөктөш болсок, азыр алардын саны 50гө жетти
Заведующий отделом проектов ИКТ в Госкомитете информационных технологий и связи Акылбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Программист Акылбек Айдаралиев: Microsoft менен иштеше турган өнөктөштөрдү көбөйттүк. Алсак, мен бул жакка жаңы киргенде 10 компания менен өнөктөш болсок, азыр алардын саны 50гө жетти

— Microsoft сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлчүлүктөрүн Кыргызстанга ачууну пландабай элесиздерби?

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
— Учурда Google, Microsоft, Ali-Baba сыяктуу ири компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал тургай өлкөбүзгө атайын делегациялар дагы келип кеткен. Ушул сыяктуу чоң иштер дароо эле биз ойлогондой чечилип, ишке ашып кетпейт экен. Эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыгып ишке ашып калса, өлкөдө көп нерсе өзгөрүлөт. Алсак, инвестиция жана жаңы кызмат орундары пайда болот. Бул жакта борборлору ачылса, алгач өздөрүнүн сырттан келген адистери иштесе, кийинчерээк биздин жарандар отуруп калат.

— Билишибизче кызматыңызды алмаштырыпсыз. Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

— Азыр мен маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ИКТ долбоорлор бөлүмүн жетектейм.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрограммист Акылбек Айдаралиев: бүгүнкү күндө кардарлардын кызыкчылыгы менен эсептешип, көбүрөөк кызмат көрсөтүп, азыраак акча алган система жок болуп жатат. Мамлекеттик секторлордон биз төлөп жаткан акча кайда кетип жатканын билип туруу үчүн атайын аянтча түзүү маанилүү болуп турат
Заведующий отделом проектов ИКТ в Госкомитете информационных технологий и связи Акылбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Программист Акылбек Айдаралиев: бүгүнкү күндө кардарлардын кызыкчылыгы менен эсептешип, көбүрөөк кызмат көрсөтүп, азыраак акча алган система жок болуп жатат. Мамлекеттик секторлордон биз төлөп жаткан акча кайда кетип жатканын билип туруу үчүн атайын аянтча түзүү маанилүү болуп турат

— Бүгүнкү күндө электрондук өкмөт программасынын айланасында ар түрдүү сөздөр козголуп жатат. Кардарларга онлайн түрүндө кандай кызматтар көрсөтүлөт?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Учурда ИИМ, Жол кайгуул жана Мамлекеттик каттоо кызматтарынын системаларынын үстүнөн иштеп жатабыз. Алсак, сиз онлайн түрүндө соттолбогондугуңуз тууралуу справка алууга, паспорт алмаштырып же алам десеңиз ага онлайн түрүндө документ тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, жакындан бери балдар бакчасына электрондук кезекке туруу долбоору иштей баштады.

Бүгүнкү күндө кардарлардын кызыкчылыгы менен эсептешип, көбүрөөк кызмат көрсөтүп, азыраак акча алган система жок болуп жатат. Мамлекеттик секторлордон биз төлөп жаткан акча кайда кетип жатканын билип туруу үчүн атайын аянтча түзүү маанилүү болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0