АКШлык адистер кыргызстандык окуучуларга чет өлкөлүк ЖОЖдорго өтүүгө жардам берет

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖОЖ бүтүрүүчүлөрү. Архив
ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуручуулар семинарга катышуу үчүн бүтүрүүчү класстардын окуучулары тандалып, бул жерде алардын окуудагы жетишкендиги жана англис тилин билүүсү эске алынгандыгын билдиришти.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Бишкекте өткөн семинарда америкалык адистер кыргызстандык окуучуларды чет өлкөлүк окуу жайларга өтүүгө даярдаарын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

АКШнын Техас штатынын Карролтон шаарындагы жалпы билим берүүчү Harmony public school мектебинде түрк тилинен сабак берген мекендешибиз Марат Сейитов - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы мугалим Сейитов: окуучуларда дептердин эки бетин колдонуу деген түшүнүк жок
Чет өлкөлүк ЖОЖдорго (жогорку окуу жайларга) байланыштуу практикалык семинарлары Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында 1-3-май күндөрү өтөт.

Кыргызстандын 50 окуучусуна АКШлык адистер кеңеш беришет. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы дүйнө өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары менен иштөө боюнча 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар Lafayette колледжинин директору  Южин Габай. Экинчи адис — АКШнын колледждерине окуу үчүн финансылык жардам алууга көмөк көрсөтүү боюнча 10 жылдык тажрыйбасы бар Жоан Люи.

Уюштуруучулар семинарга катышуу үчүн бүтүрүүчү класстардын окуучулары тандалып, бул жерде алардын окуудагы жетишкендиги жана англис тилин билүүсү эске алынгандыгын билдиришти.

"Семинарда окуучулар эссе жазууну үйрөнүп, окуу жайды туура тандоо, билим алуу үчүн финансылык колдоо издөө боюнча кеңештер беришет", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары — "Kyrgyz Leaders Academy" коомдук фонду менен "Сорос-Кыргызстан" фонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0