Россиянын ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз: 10 жылдан соң полковник болсом дейм

© Фото / Мария КрузманРоссиянын Омск шаарында ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева. Архив
Россиянын Омск шаарында ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдыз Жумабаева полициянын келечектеги кызматкери. Учурда Россиянын Омск шаарында ИИМ академиясында билим алып, коомдогу тартипти сактоо иштерине аралашып калган кези. Курсант катары кызмат өтөп, Жол кайгуул кызматына жардам берет.

Окуудан тышкары, самбо жана дзюдо менен машыгып, эки түр боюнча спорт чеберинин кандидаты.

Кыргыз кызы кандай себептер менен Россия полициясына кызмат кылганы турат? Бул тууралуу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага айтып берди.

—Жылдыз, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Үйдө төрт бир туугандын экинчисимин. Өзүм Ош облусунун Кара-Суу районунун Лангар айылынан болом. Ош шаарындагы №6 мектепти аяктагам. Учурда Омск шаарында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин академиясында билим алып жатам. Ата-энем Новосибирскиде жашайт.

© Фото / предоставлено Жылдыз ЖумабаевойЖылдыз Жумабаева (ортодо): бир жылдын ичинде Россиянын тарыхын окуп чыгуу кыйынчылык жаратты. Мектепти бүткөндөн кийин ден соолугуңду жана психологиялык абалыңды текшеришет. Андан кийин Омск шаарына келдим. Бул жерде окууга өтүү экзамендерин 20 күн бою тапшырдык
Курсант академии МВД в городе Омск Жылдыз Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабаева (ортодо): бир жылдын ичинде Россиянын тарыхын окуп чыгуу кыйынчылык жаратты. Мектепти бүткөндөн кийин ден соолугуңду жана психологиялык абалыңды текшеришет. Андан кийин Омск шаарына келдим. Бул жерде окууга өтүү экзамендерин 20 күн бою тапшырдык

—Россияга ата-энеңиз менен чогуу кеттиңиз беле?

— Ата-энем Россияга көчүп келгенине 20 жыл болду. Эл катары оокат кылалы, балдарыбызды багалы деп келишкен. Азыр баары кудайга шүгүр, Новосибирск шаарында үйүбүз бар. Эжем экөөбүз Ошто чоң атам менен чоң энемдин колунда калганбыз. Бизди багып, ушундай жакшы тарбия бергендиги үчүн аларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Атамдын бир тууган иниси экөөбүздү кичине кезибизде күнүгө окууга алып барып келчү. Ага да рахмат айткым келет.

—Тартип сакчысы болом деп качан чечтиңиз?

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
— 9-класста окуп жүргөндө эле ушундай чечимге келгем. Кыргызстандагы ИИМ академиясына телефон чалып сурасам, ал жакта окуй албай турганымды айтышты. Анткени, чет элдик жарандарды кабыл алуу жагы каралбаптыр. А мен 12 жашымда Россия жарандыгын алган болчумун. Муну укканда эмне кыларымды билбей, анан Россиядан окуюн дедим. Ал үчүн 11-классты Новосибирск шаарында бүтүрүүгө туура келди. Анткени, бул жакта окууга даярданышым керек болчу.

—Академияга окууга өтүү канчалык татаал болду?

— Көп эмгек талап кылынды. Биринчиден, бир жылдын ичинде Россиянын тарыхын окуп чыгуу кыйынчылык жаратты. Мектепти бүткөндөн кийин ден соолугуңду жана психологиялык абалыңды текшеришет. Андан кийин Омск шаарына келдим. Бул жерде окууга өтүү экзамендерин 20 күн бою тапшырдык.

—Окуунун өзү оор бекен?

— Биз билим алуудан тышкары кызмат дагы өтөйбүз, коомдук тартипти сактайбыз. Кайгуул кызматына жардам беребиз. Суткалык нөөмөткө чыгабыз. Мындай учурларда уйкудан каласың, ушул жагынан эле тоскоолдуктар болбосо, калганына көндүм. Биринчи курста ата-энемди аябай сагынчумун. Анткени бизге жылына эки жолу гана — кышкысын 13 күнгө, жайкысын бир айга каникул берилет. Башка учурларда Омск шаарынан өзүм билемдик менен чыгып кете албайсың. Себеби окуудан чыгарып салышы мүмкүн.

© Фото / Мария КрузманЖылдыз Жумабаева: полиция кызматкери болуу кыздарга гана эмес, эркектерге деле кооптуу. Бирок кимдир-бирөө коомдогу тартипти сакташы керек да. Эгер өзүңө ишенимиң бе болуп, чечкиндүүлүк менен алдыга көз жүгүртө билсең, эч нерседен кооптонуунун зарылдыгы жок
Курсант академии МВД в городе Омск Жылдыз Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабаева: полиция кызматкери болуу кыздарга гана эмес, эркектерге деле кооптуу. Бирок кимдир-бирөө коомдогу тартипти сакташы керек да. Эгер өзүңө ишенимиң бе болуп, чечкиндүүлүк менен алдыга көз жүгүртө билсең, эч нерседен кооптонуунун зарылдыгы жок

—Кыргызстанда иштөөнү каалайсызбы?

— Албетте, туулуп-өскөн жериңде кызмат кылгың келет. Бирок азырынча ал жакка барып иштөө планымда жок. Келечекте көрө жатарбыз.

—Кесиптештер же эл арасында сизди кыз деп тоготпой койгон учурлар болбойбу?

— Биздин кесипте аял-эркек деген түшүнүк жок, баарыбыз тартип сакчыларыбыз. Ошондуктан, мага эч ким андай мамиле кылбайт.

—Негизи эле аял кишиге полиция кызматкери болуп иштөө кооптуу эмеспи?

Париж шаарында жашап, Франциянын улуттук институтунда метрология жаатында эмгектенген мекендешибиз Алмазбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Физик Алмазбек Иманалиев: Францияда атомдордун кванттык касиетин изилдедим
— Полиция кызматкери болуу кыздарга гана эмес, эркектерге деле кооптуу. Бирок кимдир-бирөө коомдогу тартипти сакташы керек да. Эгер өзүңө ишенимиң болуп, чечкиндүүлүк менен алдыга көз жүгүртө билсең, эч нерседен кооптонуунун зарылдыгы жок.

—Спорттун кайсы бир түрү менен машыгасыз?

— Бала кезимден эле спортко жакынмын. Алгач дзюдодон баштагам. Кийин самбого аралаштым. Эки түрү менен тең күрөшө берем. Новосибирск шаарына келгенге чейин Кыргызстандын эки жолку вице-чемпиону болгом. Кийин Новосибирск шаарынын бир нече жолку чемпиону болуп, Россия биринчилигине катыштым. Спорт чеберине кандидатмын.

—Өзүңүздү 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Өз кесибимдин мыкты адиси болом деп ойлойм. Ошондой эле полковник наамына жетем деген кыялдарым бар.

© Фото / предоставлено Жылдыз ЖумабаевойЖылдыз Жумабаева: ошол эле полицияда иштеген эркектер "кыздар бул кесипке келбей эле коюшу керек, башка деле жумуштар бар да" деп нааразы болгонун угуп калам. Ал эми башка кесиптеги жигиттердин мамилеси өтө түз
Курсант академии МВД в городе Омск Жылдыз Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабаева: ошол эле полицияда иштеген эркектер "кыздар бул кесипке келбей эле коюшу керек, башка деле жумуштар бар да" деп нааразы болгонун угуп калам. Ал эми башка кесиптеги жигиттердин мамилеси өтө түз

—Полицияда иштеген кыздарга жигиттердин мамилеси кандай?

— Элдин баарына бирдей жага албайт экенсиң. Мисалы ошол эле полицияда иштеген эркектер "кыздар бул кесипке келбей эле коюшу керек, башка деле жумуштар бар да" деп нааразы болгонун угуп калам. Ал эми башка кесиптеги жигиттердин мамилеси өтө түз.

—Социалдык тармактарда кыргызча ырдаганыңызды угуп калдым эле. Ырга дагы жакынсызбы?

— Ырдоо менин хоббим. Бул мага апамдан өткөн талант деп ойлойм, анткени ал жакшы ырдайт. Бош боло калган учурларда ырдап, соцтармактардагы баракчаларыма киргизип коем. Элге жагат экен. Баа беришип, жагымдуу сөздөрүн айтып калышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0