Экс-министр Беков аялды куткарганы үчүн Россиянын министрлигинин сыйлыгына татыды

© Фото / предоставлено Торогулом БековымЭкс-министр Кыргызстана Торогул Беков, спасший тонущую в воде пенсионерку
Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков, спасший тонущую в воде пенсионерку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда мурда айыл чарба министри болуп иштеген Төрөгул Беков былтыр сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калган эле.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин мурдагы жетекчиси Төрөгул Беков Пенза шаарында сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калганы үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медалы менен сыйланды.

Беков өзүнүн Facebook баракчасына сыйлоо учурунда тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

Белгилей кетсек, былтыр август айында Россиянын Пенза шаарынын ЖМКлары кыргызстандык жаран сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калганын жазышкан. 

Беков сууну чапчылап жаткан аялды көргөндө дароо сууга секирип кирип, аялды жээкке алып чыккан. Ага медициналык биринчи жардам берилип, ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0