Ош шаарында жолдордун аң-чөнөгүн жамоо иштери башталды

© Фото / Зульфия ТургуноваЯмочный ремонт автодорог по новым технологиям в городе Ош
Ямочный ремонт автодорог по новым технологиям в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жалпысынан 578 чакырым жол бар, анын 513 чакырымы Жолдор башкармалыгына карайт. Ал эми 57 чакырымы Транспрот министрлигине, 8 чакырымы Кара-Суу районунун карамагында.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Быйыл Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан жалпы аянты 27 миң чарчы метр болгон аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарыларын Ош мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери алгачкы ирет муниципалдык жаңы техниканын жардамы менен жүргүзүлүп жатат.

"Башкармалыкка жаңы техника сатып алынып, жумушчу орундар түзүлгөн. Быйыл асфальтты гана тендер аркылуу сатып алуудабыз. Шаардын жолдорундагы чуңкурларды жамоо иштери апрель айында башталган. Учурда Масалиев көчөсүндө иш жүрүп жатат", — деди Жунусов.

Маалыматка караганда, калаада жалпысынан 578 чакырым жол бар, анын 513 чакырымы Жолдор башкармалыгына карайт. Ал эми 57 чакырымы Транспрот министрлигинин, 8 чакырымы Кара-Суу районунун карамагында.

Жаңылыктар түрмөгү
0