Аскер кызматында жүргөн баатыр энелердин пенсиясына 1000 сом кошулат

© Sputnik / Игорь Чуприн / Медиабанкка өтүүАскер аялдар. Архив
Аскер аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. "Баатыр эне" ордени менен сыйланган аскер кызматында жүргөн жана укук коргоо органдарында иштеген энелердин пенсиясына 1000 сом кошулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, демилгени Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова көтөрүп чыккан.

Маалым болгондой мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0